10 апрель 2013, 10:54

Чолпон Султанбекова, ЖК депутаты: “Баяманды президент болом дегени үчүн жок кылышкан”

Жогорку Кеңештин депутаты, эл оозунда бүтпөс дастан болуп жүргөн айтылуу Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова менен жай турмуштан баарлаштык.

- Чолпон айым, бала чагыңыз кандай өткөн?

- Бала чагым армансыз өттү. Анткени, атам партияда иштеп, татыктуу билим, тарбия берип, эч нерседен кем кылбай бардар турмушта чоңойтту. Болгону, кыздардын улуусу болуп, түйшүкчүл болдум. Инилеримди, сиңдилеримди карап, тамагын жасап, кирлерин жууп, кыздарга тиешелүү кызматтарды жасадым. Атам билимге өтө маани берген адам болгондуктан, орус мектепте окутту. Бирок, үйдөн кыргызча сүйлөшүү талабы катуу болгондуктан, орус мүнөз болгонубуз менен, кыргыз тилин, салт-санааны жакшы өздөштүрдүк. Кийин Россиядан  окудум. 

Дүйшөн Чотонов бир тууган агаңызбы?

- Көптөр Дүйшөн таекемди менин агам деп ойлошот экен. Ал апамдын эң кичүү иниси. Азыр баарыбызга акылын айтып, баш-көз болуп турат. Балким, биздин бир туугандай жакындыгыбыздан элдер таекем экенин элес албашы мүмкүн. Анткени, биз бир үйдө чоңойдук. Ошондуктан бир туугандай ынакпыз.

- Азыркыдай саясаттын чордонунда болбосоңуз дагы учурунда Баяманды Баяман кылган сиз деген кептер бар эле. Сыягы, андай сөздүн чыгышына сиздин билимдүү, ийкемдүү, акылдуулугуңуз себеп болсо керек?

- Ким эмне десе, ошо десин. Мен бул маселени саясатташтыргандан алыс болот элем. Анткени, Баяман тирүү болсо, мага депутат болуштун, ал баштаган иштин аягына чыгам деген түйшүктүн зарылчылыгы жок эле. Аялзатына тиешелүү үй-бүлөлүк гана түйшүктү тартып, балдарымдын мээримдүү апасы, Баямандын жаркылдаган жары болуп, анын көлөкөсүндө гана жүрмөкмүн ага баш ийип. Тагдыр экен, Баямандын өмүрү кыска болуп, ал баштаган чоң иштердин өтөөсүнө чыгуу максатында саясатка аралаштым. Баяманга акыл үйрөтүп кыйынсынчу деле эмесмин. Болгону, кээ бир катачылыгын бетке айтып, аны оңдоонун жолдорун сунуштачумун. Турмушта экөөбүз бири-бирибизди катуу сүйгөн жар болсок, жумушта бири-бирибизге шарт түзгөн шериктеш болчубуз. Акыркы күндөрү машыгууга да чогуу барчубуз. Ынак болчубуз.

- Өмүрлүк жарыңыз Баямандын баатырдыгы, элде жок эрдиги айтылат. Баткен окуясында вахабисттерден барымтадагыларды Баяман алып чыккан, анын ошол эрдигине таазим кылып, Аскар Акаев алтын саат берген дешет. Ал саат сакталуубу?

- Акаев берген алтын саат үй-бүлөлүк мурасыбызда сакталуу. Балдарым атасынан жаш ажырагандыктан, атасы кандай адам болгонун билсин деген максатта анын жасаган иштери, ак жүрөктүгү, баатырдыгы, кылымда бир жаралчу жан экенин билсин деп үйүбүздүн бир бөлмөсүнө Баяман урунган буюм-тайымдарын, сыйлыктарын коюп койгонбуз.  Баяман эч нерседен тайманбаган өжөр сапаты бар болгон үчүн барымтадагыларды алып чыгуу максатында, Аскар Акаевге өзү биринчи кайрылуу жолдогон. Жыйынтыгында, балдары менен Тажикстанга кирип, вахабисттер менен жана алардын талаа командирлери менен сүйлөшүп, барымтадагыларды бошотуп чыккан. Ал кезде Баяман өзүнүн жанын тобокелге салганын билсем да, эмнегедир анын эмгеги көз жаздымда калганына чыны менен маани берген эмесмин. Анткени, Баяман мен жасадым деп мактанганды жактырчу эмес. Азыр баарына көз жүгүртүп, өткөн-кеткен окуяларды анализдеп отурсам, саясат болуп кеткенби  же мамлекеттин кадырын сактоо үчүн спортсмен эмес, мамлекеттик чиновниктер чыгарды деген аракет болгонунанбы, эмнегедир Баямандын эмгегине анчалык маани бериле бербесе керек деп ойлойм. Бирок, Аскар Акаев Баямандын эмгегин эсепке албай коё алган эмес. Акча берип ыраазы кылууга аракет кылганда, Баяман ошол замат аны "балдар, карылар үйүнө которуп салгыла” деп акчага муктаж эместигин, бул ишти акча алуу үчүн жасабаганын көрсөткөн. Аскар Акаевдин тапшырмасы менен премьер-министр алтын саат берген. 

- Ал менен бирге жашап жүргөн мезгилде кыргыздын бактысына жаралган баатыр менен өмүрлөш болгонуңузду сезчү белеңиз?

- Жаныңда сенин карегиң менен тең айланып, жакшы сөзүн, жылуу мамилесин жасап, сага кам көрүп жүрсө,   баатыр экенине анчалык деле маани берчү эмесмин. Баямандын баатырдыгын, теңдеши жок адам экенин көзү өткөндөн кийин билдим. Саясатка аралашканы саясаттагы ар бир кырдаал анын эр жүрөктүгүн, эч кимге кара санабаган патриот экенин, сөзгө турган чыныгы кыргыздын жигити болгонун ого бетер сезип, Кыргызстандагы эң күчтүү эркек менен жашаптырмын деген ойго чөмүлүп жатам. Каза болгон киши жыл өткөн сайын унутулат деп коюшат го. Мен, тескерисинче, жыл өткөн сайын Баямандын ордун эч ким толтура албасын, анын ар бир жасаган ишин, эл деп күйүп-жанганына карабай бул жашоодон эрте кеткенине өкүнүп кетем. Элдин эсине Баяманды мен эмес, кырдаал салганына таң калдым. Анткени, кандай кырдаал болсо да, "Баяман болсо минтмек. Ал тигинтип бул маселени заматта чечип коймок. Ал жок мындай болуп жатпайбы” деп өкүнгөндөрдү көп көрдүм. 15 жыл кыргыздын бир кылымда бир жаралчу баатыры менен өмүрлөш болуп, анын арзуусуна татып, өмүрлүк жубайы болгонума ыраазымын. "Күйөөңдөн жаш калдың, турмуш курбайсыңбы” дешет. Бирок, Баямандай баатыр менен жашаган кишиге башка киши анын жанында эч нерсеге арзыбай калат экен. Башка мырзалардан Баяманды көрө албайт да экенсиң.

- Баяман аганы жинди, чоң муштум деп орой сүрөттөшөт. Сизге сезимин кантип билдирген эле?

- Чынын айтсам, Баяман мени коркутуп жүрүп үйлөнүп алган. Бир сапар үйүнө алып барды. Анын үйү экенин деле билген эмесмин. Баяманга окшош эжесин көрүп, бул ким десем, "азыр апам келип сага жолук салат” деди. Орус мүнөз болгондуктан, тамашасын түз кабыл алып чырдап баштадым. "Ой, мен сени басынтып албайм. Ата-энеңе барып колуңду сурайм. Үйгө 2-3 ишимди бүткөрүп, чай ичип кеткени келдим”, - деп мени соороткон. Айтканындай эле жакындарын жөнөтүп, колумду сурап, кыргызга тиешелүү бардык салтты жасашкан. Сыягы, Баяман апамдын көкүрөк күчүгү болгондуктан, апам кыялындагы бардык нерсесин жасап, тилегин орундаткан окшойт. Үйлөнүү үлпөт тоюбузга да үлпөт көйнөгүн кийем деп кыялданып жүрсөм, Баяман кийгизбей, кыргызча көйнөк кийинип чыгабыз деп көгөрүп, мен Айчүрөк, Баяман Манас болгон. Мээ кайнаткан күндүн ысыгында шөкүлө кийип аябай тердегем. Бардык нерсе буйруктан, анан маңдайга жазылган тагдырдан болот экен. Баяман экөөбүздүн таанышканыбыз да элден өзгөчө. 90-жылкы коогалаңда Ошко келип калып, ата-энемдин "эшикке чыкпа, бул жакта коменданттык саат болуп жатат” дегенине көнбөй, эригип кетип, телеграфка бардым. Барсам, өзбекке окшош бир бала мени улам карап коюп, Ташкент менен сүйлөшүп жатты. Мен Бишкектеги курбу кыздарым менен сүйлөштүм. Баямандын теше тиктегенинен жүрөгүм оозума кептелип, эми өзбек мени өлтүрөт турбайбы деп санаркай баштадым. Аңгыча эле: "Эмне жалгыз жүрөсүң? Ата-энең көчөгө жалгыз чыкпа деп эскерткен эмес беле? Өзбектер өлтүрүп койсо эмне кыласың?”, - деп, үйгө чейин жеткирип келген. Анан Баямандан коркуп, качып 2 жыл жолукпай койдум. Тагдыр экен, нике кайып буйруп, анан ага турмушка чыгууга аргасыз болдум. Мага чейин анын турмушунда канча кыздар болду. Менин турмушумда канча жигиттер болду. Бирок, нике кайып экөөбүзгө буйруп баш коштук. Эки уул, бир кыздуу болдук. Кийин деле Баяманга жар болгусу келген, анын баатырдыгына таазим кылып жашагысы келген бир канча кыз болду. Башында кызганып, анын шоктугуна капа боло берчүмүн. Кийин көнүп, маани да бербей калдым. Анткени, өзү да бир сапар, канча кыз жолумдан чыкса да, сени жана балдарымды баарынан жогору коём деген. Мен анын айтканына ишенип, шектенчү деле эмесмин.

Өткүр мүнөз жолдошуңуз кандай жар болду?

- Элдин баары Баямандын тайманбастыгын, өжөрлүгүнөн эле катуу күйөө болду деп ойлошот. А чынында Баяман абдан жакшы күйөө болду. Мага катуу айткандан да айбыгат эле. Эгер мени таарынтып алса, көктүгүмө салып үч айлап да сүйлөбөй койчумун. Баяман болсо, бат ачууланып, бат жазылчу. Сүйлөбөй койсом, ичи бышып кетчү. Бир сапар майда-барат нерседен эле таарынышып, үч ай таарындым. Ичим бышып араң эле жүрөм, бирок, принципке туруп, кадырым төмөндөп кетчүдөн бетер сүйлөбөй жатам. Эртең менен турсам, балам келип, "апа, атамды кечирип койчу” деди. Эшикке чыксам, килтейген эшиктин алдынын баарын роза гүлүнө бөлөп коюптур. Көрсө, менин таарынычымды жазыш үчүн мен турганча мени гүлгө ороптур. Анча розаны кайдан тапканын да билбейм. Көргөн көзүмө ишенбей туруп калсам, Баяман: "Чопа, мени кечирип койчу. Мени менен сүйлөшчү. Үч айдан бери  жүрөгүм сыгылып кетти. Жашагым келбей калды” деген. Баяман баатыр мүнөз, эр жүрөк болгону менен, ушунчалык сезимтал, жүрөгү назик болчу. Тамагын жасап, кирин жууп, бирок, сүйлөбөй койгонумду көтөрө албай кыйналып кетчү. Анткени, ал диванга жатып алып, мени менен чын жүрөктөн сүйлөшкүсү келчү. Баяманга катуу таарынганым менен, ажырашып кетем деген ой болчу эмес. Бири-бирибизсиз жашай алчу эмеспиз. Кадырыбызга жетип, көңүлүбүздү оорутпай, чын жүрөктөн бири-бирибизди түшүнүп, машыгуубуз да бир болуп, бакытка балкып жашап жаткан мезгилибизде жараткан жакшы күндөрүн ченеп койду...

Түшүңүзгө киреби?

- Мен кыйналган убакта же балдарымды катуу тарбиялап койгондо түшүмө кирет. Мен балдарга кол көтөрбөйм, бирок, айтканымды аткарбаса, сөз менен сөөктөрүнө жетип, ачуум келсе, сүйлөбөй жазалайм.  Улуу балам: "Апа, атамды коркуткандай болуп бизди да коркутуп сүйлөбөй койбоңуз” деп тамашалап калат.

- Каза болоордо кандайдыр бир аян болду беле?

- Мурдуна атышканда чын эле кооптонуп калганбыз. Эч жакка чыкпай сактанып отурсам, "айылга барып, апамдан ыраазычылык алып келейин” деди. Апама баргысы келип жаткан окшойт деп, ага маани деле берген жокмун. Себеби, апамды аябай жакшы көрчү. "Апа, ыраазычылык бер” дегенде апам да "ыраазымын” деди. Баяман каза болгондо, "Ыраазычылыгымды бербей койсом өлмөк эмес. Мен аны коё берип жибериптирмин” деп ыйлап жүрдү. Баяман каза болордо, таңга маал уктай албай түйшөлүп ойгонуп алдым. Түшүмдө бүт тиштерим түшүп калды. Баяманга жооругум келбей, кары-картаңдардан ким бар эле деп ошолорду ойлодум. Бирок, ошол күнү Баямандан айрылганымды уктум. Жер астын-үстүн болуп кеткендей эле болду...

Апасы менен баарлашканымда 1 күн жатса, 1000 сом, 2 күн жатса, 2000 сом, 3 күн жатса, 3000 сом берет деген эле...

- Ооба, Баяман апамды аябай жакшы көрчү. Шаарга чакырсак, оңой менен келчү эмес. Жакшы көйнөк чыгыптыр, жакшы сөйкө алып беребиз деп алдап алып келчүбүз. Келсе эле, бир күндөн кийин айылга кетем дей берчү. Анан Баяман апам канча күн жатса, ошончо миң сом берген ыкманы ойлоп тапкан. Апамдын бели бекем болсун деп жоолукка акча салып байлап койгонду жакшы көрчү.

- Кандай келин болдуңуз?

- Кайненеме эң жакшы келин болдум. Апам экөөбүз бир да жолу кер-мур айтышкан жокпуз. Апам абдан акылдуу жан. Кээде орус мүнөзүмө салсам, "кызым, андай кылба, мындай кыл” деп акырын гана эпке келтирип койчу. Апамдын кайненелик каарын эмес, кызындай жакшы көргөн мээримин көрдүм. Жаңы үйлөнгөндө Баяман мени айылга таштап, шаарга иштегени кетип калчу. Кайненем мени жалгыз жаткырбай, койнуна жаткырып алчу. Анан: "Садагаң кетейин, кичине орус чалышсың, кыргыз бол. Жиниң келип жатса да, мейли деп кой. Ачууга алдырба” дечү. Апамдын мага чын дилден жасаган мамилесиненби же Баямандын "Апама бир да катуу сөз айтпайсың. Айткан күнү, 10 бала төрөсөң да, кетирип салам” деп үйлөнүп жатканда эскерткениненби, апам экөөбүздүн ортобузда бир да пикир келишпестик болгон жок. Ал эми кайнежелерим менен айтышып-тартышкан учурлар болду.

Кайын журтка кандай мамиле кылды?

- Баяман кандай кичи пейил бала болсо, ошондой  күйөө бала болду. Биз баш кошкондон кийин атам да, апам да өтүп кетти. Сиңдилеримди, инилеримди жакшы карады. Өткөндө сиңдим келип, "Ушул кызыл куртканы жездем алып берген. Эч кимге бергенге кыйбайм” деп буркурап ыйлап баарыбыздын муунубузду бошотту. Баяман андайдын бирин эмес, миңин алып берчү. Баары жездем деп жакшы көрүшчү.

Балдарыңыз бой жетип калса керек? Куданы даражалуу адамдардан күтөйүн деп жатасызбы?

- Кудай буюрса, келин алабыз деп турабыз. Уулум бой жетип калды. Сүйлөшкөн кызы бар. Сөйкө салсакпы деп атабыз. Мен байлыгына, бийлигине карап куда күтпөйм. Уулумдун, болочок келинимдин сезимин сыйлайм. Балама да: "Сени бир гана жолу үйлөнтөм. Турмуш курганга көзүң жеткен маалда айт. Бир аялдын кадырына жете албаган эркек экинчисин да бактысыз кылат" деп эскертип жатам. Жараткан тилегимди берип, балдарым бир эле аялдан агарып-көгөрсө экен.

- Уулдарыңыздын кимисинде атасынын мүнөзү бар?

- Биринчисинде ак жүрөктүгү, эч кимге кара санабагандыгы, колу ачыктыгы, кекчил эместиги болсо, экинчисинде жини көбүрөөк. Эки балам тең атасына окшош. Эки баламдан Баямандын эки курагын көрөм. Улуу баламдан спортсмен, мени менен жаңы таанышып, турмуш курган мезгилин көрсөм, кичүү уулумдан саясатка аралашып, токтолуп калганын көрөм. Кичүү балам кээде эркелеп жаныма жатып алса, Баяман келип калгандай сезим жаралып кетет.

Каза болорунда өлүмдүн жакындап калганын сезгенсип, дене бойду дүркүрөткөн кат жазган эле. Баяман аганы жакындан билгендер ал мындай кат жазалбайт болчу  дешет...

- Мен да ал катты Баяман жазган эмес дегендердин катарындамын. Анткени, ал жазса кыргызча жазмак. Орусча көркөмдөп жазмак эмес. Ал каттан, керек болсо, Баямандын логикасын көрө алган жокмун. Кээ бирөөлөр мени жазып салыптыр деген маалымат таркатышты. Менде кат жазуу эмес, Баямандан айрылып калайын деген оюм болгон эмес. Сыягы, чоң иштерди жасайм деген бирөө атайылап кат жазып, коомдук пикир жаратып, андан ары дагы башка иштерди жасайм деген аракетте жасаса керек. Өткөндө КТРден Баяманды Рыспек Акматбаев менен бир деңгээлге коюп, Баяманды криминалдык топтун башчысындай, түштүктүн лидериндей сүрөттөгөн көрсөтүүнү көрдүм. Бул туура эмес. Рыспек өзүнүн чөйрөсүнө официалдуу бийлигин жүргүзчү. Баяман ал тармактан алыс болуп, саясатка аралашты. Улуу элдер илгертеден бери Баямандай баатырларын сактайт, өлтүрбөйт. А бизде болсо, тескерисинче, кыргыздын бычакка сап, эл ичинен чыккан тың жигиттеринин баарын буйрутма өлүм менен өлтүрүп  тынышты. Баямандын президенттикке ат салышам дегени үчүн эле аны жок кылышты. Болбосо, өлтүрүп кетчү деле душманы жок болчу.

Чынайым Кутманалиева           

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020