10 апрель 2013, 11:07

Кыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга чейин жогорулатууга ниеттенишүүдө

Бул тууралуу бүгүн эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын кеңейтилген сүйлөшүүлөрү учурунда КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү толук кандуу пайдаланылбай жатат. "Товар жүгүртүүнү жогорулатууга себептер бар. Кыргызстан биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар жана түрк инвесторлору үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берет”, - деди Ж.Сатыбалдиев.
Аны Түркия Өкмөтүнүн премьер-министри Режеп Эрдоган колдоду. Ал өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 90 млн долларга өскөндүгүн билдирди. "Биз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлин 1 млрд долларга чейин жеткирүү тапшырмасын жүзөгө ашыруубуз керек”, - деп белгиледи ал. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020