10 апрель 2013, 12:03

Мэн аралында «Бител» кыргыз компаниясына карата соттук териштирүү уланууда

Орус ЖМКлары кабарлагандай: Мэн аралын соту Vimpelcom акцияларынын көлөмүн көбөйтүүнү чечим кылды.

Эске салсак, Vimpelcom компаниясынын акциялары «Мобилдик Телесистемалар» ААКтын (МТС) үч туунма мекемесинин Altimo компаниясына карата 900 миллион долларлык доо арызына карата тоңдурулган.

2011-жылы ноябрда сот Altimoго таандык Vimpelcomдун 500 миллион долларлык акцияларын тоңдуруу чечимин кабыл алган.

Бул боюнча соттук териштирүү көптөн бери өтүүдө. Доо арызды МТСтин 4 туунма мекемеси: Kyrgyz Mobil Tel, Flaxendale жана George Resources беришкен. Алар МТСке «Бител» компаниясынын акцияларынын 51 пайызын кайтарганы жатышат. МТС ал акцияларды 2005-жылы 150 миллион долларга сатып алган.  

Кыргызстандын Жогорку Соту бул үлүштүк акцияларды орусиялык «Резервспецмет», андан кийин «Скай Мобайл» берип, бир катар сатып алуулардан кийин орусиялык «ВымпелКомго» таандык деп табылган.

«ВымпелКомдун» Vimpelcom Ltd холдинги бар, анын акцияларынын 47,85 пайызы Altimoго таандык. Ошону менен Altimo «ВымпелКомдун» кыйыр бирок негизи акционерлеринин бири.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020