10 апрель 2013, 12:19

Түркия Кыргызстанда ГЭСтин курулушуна кызыкдар

Түркия Кыргызстанда гидро энергетика станциясынын курулушуна кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн эки тараптуу кеңейтилген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
Анын айтымында, ГЭСтин курулушу – бул "кымбат инвестиция”. "Бирок буга карабастан ГЭСтин курулушуна жана электр энергиясын өндүрүүгө Түркиядан адистерди жана ишкерлерди чакырууга ниеттенип жатабыз. Ошондо Кыргызстанда электр энергиясынын баасы арзандайт”, - деп эсептейт премьер-министр.
Ал Түркияда гидро энергетика станцияларынын курулушу боюнча көптөгөн долбоорлор ишке ашырылган, ошондуктан түрк компаниялар жетиштүү тажрыйбага ээ, деп белгиледи.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020