10 апрель 2013, 13:31

И.Айткулов: "Ташиев президенттин башкы атаандашы болгондуктан, күнөөсү далилденбесе да соттолуп, камакта олтурат"

- Икрамидин мырза, биздин маегибиз жөнөкөй окурмандарыбызга да түшүнүктүү болушу үчүн, юридикалык терминдерден качып, баарын жалпак тил менен түшүндүрүп беришиңизди өтүнөбүз. Мына сиз депутат К.Ташиевдин жактоочусу катары кылмыш ишин ийне-жибине чейин иликтеп чыктыңыз. Окуяны башынан карай турган болсок, биринчи суроо – Ташиевди эмнеге камакка алышты?

- Сиз сурангандай, жөнөкөй тил менен айтканда, Ташиевди учурдагы бийликтин жалгыз саясий каршылашы болгондуктан, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакка алышты. Болгондо да мыйзамга сыйбаган аракеттерге барышты. 3-октябрдагы митинг учурундагы окуялардын хронологиясын толук карап чыктык, ошондо да Ташиевдин эч кандай мыйзам бузбаганы билинди. Ошондон улам, мен Камчыбек Кыдыршаевичти саясий туткун катары кабылдаймын. Ал күнү үч депутаттын бири да, Кожоналиев да, жансакчылар да эч кандай кылмыш кылышкан эмес. Булар айтып атпайбы, "бийликти басып алууга аракет жасаган”, "алдын-ала сговор болгон”, "мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган”,- дешип. Бийликти басып алууну көздөгөн адам 7-апрелдегидей даярданат. Анан булардын колдорунда жада калса бир ташы жок болсо, кантип бийликти басып алмак эле? Негизги маселе – эмне үчүн Ташиев дарбазадан ашып түшкөн? Менин оюмча, Ташиев "Кумтөрдөгү” былыктарга коомчулуктун назарын бургусу келген. Муну көптөгөн күбөлөр айтышты – ал дарбазадан ок атууну токтотуу максатында ашып түшкөн. Дагы бир жагы – Ташиев "Кумтөрдүн” кыргыз эли үчүн мааниси зор экендигин жакшы билет. Садыр Жапаров канча убактан бери бул маселе менен алпурушуп келе жатат. Бирок, кыргыз элине керектүү чечим кабыл алдыртуу аракетине парламент ар дайым балта чаап келген. Бул маселе караларда эле депутаттар залда толук болбой калат. Эгерде депутаттар келишсе, кыргыз элин каратып туруп канадалыктарды коргой алышмак эместигин билебиз. Ташиев өзүнүн бул саясий аракети менен, "Кумтөргө” байланыштуу маселеге кайдыгер кароого акыбыз жоктугун түшүндургүсү келген. Ташиев митингде да, сөздөн жыйынтык чыкпай жаткандыгын, ошондуктан депутаттарды бирден кармап, элге керектүү чечим кабыл алдыртуу керектигин айткан. Садыр досунун ушунча мээнетинин текке кетип жатканына, бийликтин кайдыгерлигине жаны кашайып, "Кумтөр” жалпы улуттук маселе болушун каалап, коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ушундай саясий кадамга барды деп ойлойм. Ташиев максатына жетти. Себеби, бийлик "Кумтөр” маселесине башкача көз караш менен карай баштады. Эл да эмнеге "Кумтөр” биз үчүн маанилүү экенин депутаттар камалгандан кийин гана билди. Ошондуктан, мен Ташиевдин аракетине суктанам. Ал эффективдүү саясатчы экендигин толугу менен далилдей алды. Садыр Жапаров да соттогу сөзүндө Ташиевдин бул аракетин баалап, "азыр дарбазадан ашып түшкөнүн айтып, шылдыңдап жатасыңар, бирок, убактысы келгенде ал баатыр аталат”,- деп айтты го.

- Эч кандай күнөөсү жок болсо, анда 295, 297-берененин негизинде кантип кылмыш ишин ача салышты?

- Кылмыш ишинин козголушунун өзү туура эмес болгон. Башкы прокурордун орун басары эч качан парламент депутатына иш козгой албайт, мындай укук Башпрокурордун өзүнө гана берилген. Нурлан Жээналиев милдетин аткаруучу катары кол койгон экен, а бирок, буга тийешелүү жарлык жок. Президент гана дайындай алат. Бул жагынан алганда, "чу” дегенде эле жаза тайып кетишкен. Ушундай болуп жаткандан кийин, андан соңку аракеттин баары мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул жагдайды ачык айтканымда Башкы прокуратура менин жактоочулук лицензиямды чакыртып алууга катуу аракет жасаганын билесиздер. Бирок, адилеттүүлүк мен тарапта болгондуктан, эч нерсе кыла алышпады.

Менин оюмча, Аида Салянованын үч депутатка карата жеке өчү бар. Башпрокурор Салянованын "Кумтөрдүн” 1 млрд. 359 миллион сомдук карызын жоюп берүүгө катышкандыгын далилдеген документти мен сотко өткөзүп берген болчумун. Бул кыңырын дал ушул депутаттар ачык айткандыктан, Башпрокурордун ачуусу келип, өч алуу максатында ушул ишти козготуп олтурат. Кылмыш ишинин саясий буйрутма боюнча козголгондугун мына ушул фактыдан эле билсек болот. Болгондо да жалган айып менен, аты-жөнү айтылбаган псевдокүбөлөрдүн гана билдирмесине таянып, бул оор беренелерди тагышты. 25-сентябрда депутаттардын алдын-ала план түзүшкөнү таптакыр далилденген жок. Мисалы, Талант Мамытов ал күнү Душанбеде жүрүптүр, Ташиев такыр башка жакта жүргөн. Эгерде бийликти басып алуу тууралуу ою болсо, Ташиев эртеси Грецияга семинарга барууга эмнеге макул болгон?

Эң кызыгы, Камчыбек Ташиевди камакка алынгандан кийин бир гана жолу суракка алышкан. Аны башын айлантып, коркутуп, чөгөлөтүү үчүн гана кармап олтурушат. Сотто өзү деле кайсы чиновниктер келип, соодалашканын ачык айтпадыбы.

Кандай гана кылмыш иши болбосун, ал далилдүү документтер менен шөкөттөлүшү керек. А биз эмнеге күбө болдук? Кылмыш ишине тиркелген документтер сотто катарынан жараксыз болуп чыкты. Башкача айтканда, козголуп-тиркелген кылмыш иши ыдырады. Ошого карабастан судья бийликтин буйругун аткарып, 12ден 20 жылга чейин жазалоого тийиш болсо, коркушуп, каяктагы 1,5 жылды чаптап, күнөөлүү таап олтурат.

- Экспертиза өткөрүшүп, "акыл-эси ордунда эмес” адам катары да чыгарууга аракет жасашты го...

- Соттук териштирүү учурунда бир топ мамлекеттик айыптоо тарабынан даярдалган күбөлөрдүн сөзүнөн жаңылып, адекватуу эмес кылык-жоруктарына күбө болдук. Мисалы, УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы Замир Сабаев үнүн өктөм чыгарып, кыйла жоруктарды көрсөттү. Ошондо мен: "Ал өз көрсөтмөлөрүн улам эле өзгөртүп атат. Сот эскертүү берсе деле анысын улантууда. Эмоцияларын башкара албайт экен. Анын көрсөтмөлөрүнө баа бериш үчүн экспертиза дайындоо керек. Камчыбек Ташиевге деле ушундай эле экспертиза жүргүзүшкөн. Анда эмнеге ал экспертиза жабырлануучуга да жүргүзүлбөшү керек?” - дедим. Башпрокуратура мен укугун коргоп жаткан Ташиевге психологиялык экспертиза дайындоодо да мыйзам бузууга барган. Биз аны билген эмеспиз. Жада калса, корутунду бөлүгүн да туура эмес толтурушуптур. Анан ага К.Ташиевди алдоо жолу менен кол койдуртуп алышкан. Башпрокурор болсо парламентте "Ташиев да, адвокаты да экспертизанын жыйынтыгына макул болгон”,- деп эл-журтка жайып жиберген. Колунда бийлиги болсо эле каалаганын кыла бергидей биз жапайы заманда жашап жаткан жокпуз да.

- Деги эле ушул экспертизаны дайындоого ким кызыкдар болгон?

- Мен сот залында судьядан кылмыш ишине тиркелген президенттин жазуу түрүндөгү көрсөтмөсүн ачыкка чыгаруу талабын койгом. Бирок, судья эртеңкиге калтырымыш болуп, аягында унутуп калган адам болуп, кутулуп кеткен. Президенттин тергөөгө кийлигишкенге акысы жок. Бирок, ошол көрсөтмөсүндө президент Ташиевдин эмоционалдык абалын карап көрүү керектигин, же болбосо митинг аффектисинен ушундай аракетке барганын аныктоо зарылдыгын белгилеген. Балким, президент Ташиевге жардам бергиси келип, ушундай көрсөтмө бергендир. Бирок, ажого жагынгысы келген Башпрокуратура жетекчилиги бул көрсөтмөнү өтө ыплас деңгээлде аткарышты. Ажонун катын ишке тиркебей деле коюшса болмок. А булар кошуп коюшкан. Же атайылап эксперттерге, ишти караган адамдарга басым жасоо иретинде тиркешкен чыгаар. Экспертизаны ушул президенттин катына таянып дайындап ийишкен окшойт. Эми экспертизанын корутундусун окуй турган болсоң, укмуштуудай нерселер жазылыптыр. Ташиевди жандүйнөсү кыйналып аткан, саясатты таштап, Россияга көчүп кетүүгө даяр адам катары сыпатташыптыр. Буга элин, жерин сүйгөн Ташиевдей эр азамат саясатчы эч качан макул болмок эмес. Балким, ага башканы көрсөтүп, кол койдуртуп, барактарын алмаштырып коюшкандыр.

Психологиялык, саясий экспертизанын корутундусуна үч адам кол коюптур, аттарын атабай эле коеюн. Буларды жазгандарын окуган адам уялат. Булар корутундусунда "Жапаров менен Ташиев кызыксыз жана жай адамдай сүйлөдү”,- деп жатышат. Эски чийилген пластинканы кайра коюп алышып, "эл митингден тажады”,- деген сөздөрдү жазып алышыптыр. Булар эмне, эми элдин атынан сүйлөп калышканбы? Бул жеке адамдын пикири, ал эксперттердин корутундусу катары эсептелбеши керек. Тергөө тобу экспертизанын бул корутундусу менен бизди тааныштырбай туруп, Биринчи май райондук сотуна жиберип ийген болчу. Биз чуу салгандан кийин, кызыгы, алар экспертизанын корутундусун кайра кайтарып алышкан. Мен башынан айткам: булар аталган экспертизасы менен Ташиевди каралоо, жаманатты кылууну гана ойлошкон. Максаттары белгилүү да: Ташиевди акыл-эси соо эмес адам катары коомчулукка коё беришсе, анын саясий карьерасына чекит коюлмак. Эч кандай соттун да кереги жок болуп калат. Бирок, бийликтин бул арам ою ишке ашпай калды. Ошондуктан да, сот өкүмүн депутаттык мандатынан ажыратуу, соттолгон адам катары кийин шайлоолорго катыша албай калчудай нукка бурууга аргасыз болушту.

- Демек, тергөө да сапатсыз жүргүзүлгөн турбайбы?

- Соттун жүрүшүндө булардын таккан айыбы далилденбей, ишенген "Патриот” жана "Охотник” деген жашыруун күбөлөрүнүн көрсөтмөсү иштен алынып салынгандан кийин мамлекеттик айыптоочулардын айласы кетип, кошумча күбө кошууга аракет жасашты. Айып коюп жаткан тарапта иш тергелип жатканда бүт мүмкүнчүлүктөр болгон. Тергөөнү сапатсыз жүргүзгөн болсо биз күнөөлүү эмеспиз да. Булар бир жактуу иштеп, колдорунан келгенин жасашты. Иш сотко өткөндөн кийин күбөлөрдү кошконго айыптоочулардын укугу жок. Мындай укук бизде гана бар. Өзүбүздүн чындыгыбызды коргоо үчүн кимди болбосун чакыра алабыз. Мыйзам боюнча да алардын сунушу туура эмес. Мен ошондо эле: "Бүт кылмыш иши "Патриот”, "Охотник” атуу жашыруун ысымга жамынган адамдардын көрсөтмөсүнө жараша түзүлгөн. Булар көрсөтмө бербесе, анда өзүнөн-өзү иш жабылышы абзел”,- дегем. Анткени, алардан башка кармана турган нерсеси жок болчу. Баарын ошого карап тууралашкан. Бакыйган депутаттарга иш козгогондон кийин, бир аз мыйзамга тууралап, окшоштуруп шөкөттөшсө болмок да. Айтор, бул кылмыш иши укук коргоо органдарынын професионалдык дараметинин кандай пас деңгээлде экенин дагы бир жолу далилдеди. Бул сот иши боюнча "Тергөөнү ушинтип жүргүзүүгө болбойт” деген аталышта окуу китебин чыгарсак да болчудай. Тергөөдө орусча айтканда "целый букет” мыйзам бузуулар орун алган. Булар жада калса суракка алуу жол-жобосун да тийешелүү түрдө жүргүзө алышкан эмес.

- Сиз кылмыш иши Салянованын түздөн-түз буйругу менен козголгонун айткандай болдуңуз эле.

- Камчыбек Ташиевди Башкы прокуратуранын мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси, өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Жылдызбек Исмаилов суракка алып жатканда, Салянова менен сүйлөшкөнү белгилүү. Исмаиловду сотто суракка алып жатышканда мен катышпай калгандыктан, Салянованын кандайдыр бир өзгөчө буйрук бергенин же бербегендигин билүү максатында кайра чакыртуусун судьядан талап кылсам, маселе ошол боюнча калып кетти. Биз бул маселени ачык калтырбай, аныктап алуубуз зарыл болчу. Анткени, тергөөчүнүн эч бир документтерсиз парламент депутатын кармагандыгы шек жаратууда. Биздин билишибизче, Ташиевди камакка алуунун алдында Салянова башка жактан учуп келип, жеке өзү ушундай буйрук берген.

- Сот ишинин аягында сиз аны Кыргызстандын тарыхындагы эң бир уникалдуу процесс катары бааладыңыз. Чечмелеп берсеңиз?

- Бул кылмыш иши – Башкы прокуратура менен тергөөчүлөрдүн ашкере мыйзамсыздыкты туу туткандыгынын үлгүсү. Өтө көп мыйзам бузууларга жол берилген. Бул мыйзамсыздыктарды өкүмдө да белгилеп коюуну судьядан сурангам. Эми өйдө жакты гана карап олтурган судьянын эмне айласы бар эле. Кандай айтылса, ошону аткарды да. Бирок, чындык эртедир-кеч орнойт. Чындыкты туу тута турган болсок, үч депутат да, жансакчылар да акталып, айыптоочу тараптын мыйзамсыз аракеттери боюнча кылмыш иши козголушу керек.

- Сот өкүмүнө коомчулук жакшы түшүнө албай койду...

- Бийлик атайылап Ташиевди соттолуп чыккан жарандардын катарына кошкусу келүүдө. Эгерде Биринчи май райондук сотунун чечими жогорку инстанцияларда да күчүндө кала турган болсо, Ташиев депутаттык мандатынан ажырап, президенттикке талапкер боло албай калат. Себеби, мыйзам боюнча, мындай берене менен соттолгон адам депутаттыкка жана президенттикке талапкер боло албай калат. Ошондой эле мамлекеттик структурада иштөө укугунан ажырайт. Сот мындай чечимди чыгаруу менен саясий тапшырыкты аткарды. Бийлик өкүлдөрү бул жол менен Ташиевди саясий оппонент катары ликвидациялап, саясий аренадан алып салууну максат кылышууда. Соттун Ташиевди "Бийликти күч колдонуп басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жыл алты айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганы чындыкка дал келбейт. Алардын күнөөсү сот ачык болуп көрдүңүздөр, соттук териштирүүдө далилденген жок. Анын үстүнө, аталган берене боюнча 12 жыл эркинен ажыратуу чечими берилиши керек. Бирок, Ташиевге болгону бир жарым жыл беришти. Демек, муну менен алар аны депутаттык мандатынан гана ажыратууну каалашкан. Соттун чечими мыйзамга каршы келет.

Негизи, судья толугу менен өйдө жактын тапшырыгы менен ишин алып барды. Мен Аида Салянованы, президент Атамбаевди да суракка алуу керектиги тууралуу талап койгом. Салянова боюнча башында макул болуп, кийин баш тартып койду. Президент тууралуу талабымды такыр эле кулагынын сыртынан кетирип туруп алды. Ошентип ары-бери секире баштаганында эле мен судьянын кай жакты карап иш алып барганын билгем.

Анткен менен, судья калыс болууга аракет жасаган. Сот өкүмү менен жакшылап таанышып чыга турган болсоңуз, ал башында актоо максатында токулган. Акыркы кезде гана өйдө жактан баш тарта албай турган сунуш түшкөндүктөн, өкүмдүн жыйынтыктоочу жагын өзгөртүүгө аргасыз болгону билинип турат.

- Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылдыңыз. Адилет чечим чыгаарына ишеним барбы?

- Мунун баары судьядан көз каранды. Эгерде адилеттүүлүктү туу туткан судьяга туш келе турган болсок, сөзсүз Ташиевди да, калгандарын да акташы керек. Себеби, булардын күнөөсү далилденген жок. Бул жагынан акыйкаттуулук үчүн аягына чейин күрөшкөнгө даярбыз. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020