10 апрель 2013, 13:51

Таласта менчик “NEXT TV” телекөрсөтүүсү обого чыкты

Талас шаарында менчик "NEXT TB” телекөрсөтүүсү обого чыга баштады. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган телеканалдын башкы директору Айбек Турдалиевдин айтымында, бул телеканалды уюштуруу үчүн 50 миң доллардан ашык акча каражаты сарпталган. Жаш ишкер жетекчи Айбек Турдалиев ОсОО "Бакайнур – Мега” жоопкерчилиги чектелген ишкана ачып, анын алдында "NEXT- FM” аттуу Талас жана Кара-Балта шаарларында эки радио да ачкан. 
Жаңы ачылган "NEXT-TB” телекөрсөтүүсү суткасына 24 саат эфирге чыгат деп кошумчалады телевидениенин башкы редактору Жаннат Токтосунова. Телевидение азырынча эки автордук программа менен иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган "Иштерман” жылында "Иштерман” жана "Ынтымак ырлары” деген рубрикалар ачылган. Ошондой эле Талас шаарынын, Талас, Бакай-Ата райондорунун телекөрүүчүлөрү документалдык тасмаларды, эстрада клиптерин, сериалдарды, облуста болуп жаткан күнүмдүк жаңлыктарды көрө алышат. Телевидениеде азырынча болгону 5 адам иштейт. Телекөрсөтүү жаңыдан иштеп жаткандыгына байланыштуу кесипкөй журналисттер, видеоаппаратуралар жетишпей жаткандыгын айтып берди Жаннат Токтосунова. Өзүлөрүнүн кесибин сүйгөн жаш журналисттер арендага алган офисин да заманбап кылып оңдоп алышкан.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020