10 апрель 2013, 14:07

Кыргызстан менен Түркиянын 2012-жылдагы товар жүгүртүүсү 230 млн. долларды түзгөн

Кыргызстан менен Түркиянын 2012-жылга болгон товар жүгүртүүсү 230 млн. долларды түзгөн. Мындай маалыматты бүгүн Экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, Түркия мамлекети Кыргызстандын бирден-бир соода өнөктөшү болуп саналат. Учурда Кыргызстанда биргелешкен 300дөй ишканар бар. Ошондой эле 1995-жылдан бери өлкөгө Түркиядан 300 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган.

"Учурда Кыргызстанда либералдуу салык режими түзүлдү. Киреше салыгы, өздүк баасына кошулган салык башка кошуна мамлекеттерден айырмаланып турат. Бүткүл дүйнөлүк банктын  Бизнес жүргүзүү отчету боюнча, Кыргызстан 71-орунда турат. Ал эми Түркия 70-орунду ээлейт",-деди Сариев.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020