10 апрель 2013, 14:14

Кезек Келдибековго келдиби?

Атамбаевдин бийлиги К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду соттоп, колу бошогон соң союлун  оппозициянын башка лидерлеринин башына чабууга өттү. Алардын бири келечекте президенттикке татыктуу экс-спикер, кыргыздын тың жигиттери катары белгилүү Ахматбек Келдибеков экендиги белгилүү. Ахматбек мырза спикер кезинде эле курч, жалындуу сөздөрү, чечкиндүүлүгү менен Отунбаева жана Атамбаевдин түн уйкусун бузгандыктан, алар спикерликтен кагаз-калемди шылтоолоп, бүгүнкү бийликтин "торпедосуна”  айланган Текебаевге сүздүрүп кетирип тынышкан болчу.

Бирок, Атамбаевдин айланасындагылар Келдибеков келечектеги президенттик шайлоодо татыктуу талапкер болгондуктан жана күндөн-күнгө кадыр-баркы эл арасында жогорулап жаткандыгынан улам ичи туз куйгандай ачышып, азыртан саясый аренадан биротоло кетирүүнүн түрдүү амалдарын издешүүдө. Кадимки Курманжан датканын урпагы, канында хандык бар, акылдуу, келечекти көрө билген, эр жүрөк жана эң негизгиси билимдүү Акматбек мырза "Шыпшайдардын" тукумдарына оңой менен жеңиле койбостур.

Анткен менен бийликтин "Коңурбайлары" Ахматбек мырзанын туш-тарабына чөөдөй жабышып, көпчүлүккө салып, 9-апрелде Жогорку Кеңештеги КСДП, "Ар-намыс” жана "Ата Мекен” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу маселесин көтөрүп чыкты. Бул маселени Атамбаевдин эң жакын досу Чыныбай Турсунбеков өзү демилгеледи.

Анын айтымында, Келдибеков парламент төрагасы болуп турган учурдагы кемчиликтерин текшерген Эсеп палатасынын аудиторлоруна басым жасаганы тууралуу арыздар түшүптүр. Мындан улам көпчүлүк коалиция парламенттеги оппозицияга Келдибековду комитет төрагалыгынан алып, анын ордуна "Ата Журт” фракциясынан башка депутат Марат Султановду дайындоону сунуш кылды.

Кыскасы, Атамбаевдин бийлиги да Бакиевдин жолуна адашпай түшүп, керек болсо андан да ашып, келечектеги оппоненттерин камоо, кызматтан алуу жана башка капталдан көкүрөккө бычак сайгандай адилетсиз оюндарды күн өткөн сайын, президенттик бийликтин мөөнөтү азайган сайын күчөтүүдө. Ушундай да уятсыздык, бети жоктук болобу.

Эки жыл мурда Келдибековду спикерликтен жок жерден кетиришти эле, эми бюджет комитетин да ыраа көрүшпөй жатат. Эгер аларда уят, намыс, ариет болсо, мынчалык пастыкка барышпайт болчу. Эсеп палатасынын аудиторлоруна кысым көрсөттү деп да айып коюшабы? Ошол Чыныбай ушунчалык эле чынчыл болсо, анда ит бекер менчиктештирген арак заводун кайтарып бербейби. Атамбаев анын бул баскынчылыгын эмнеге көрбөйт? Андай эле адилет экен, эмне үчүн "мародёрлорду” жоопко тарткан жок. Алардын бул адилетсиздиги менен эки жүздүүлүгүн карапайым калк көрүп-билип, кыжыры кайнап турат. Эгер ушундай адилетсиздик улантыла берсе, анда Кыргызстандын түбүнө жетишет го. Деги булар эмненин үстүнөн чыгар болду экен?
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020