10 апрель 2013, 14:34

К.Бокоев: “Жарандарга президент, депутат, министр болууга тыюу салган мыйзам долбоору иштелип чыкты”

Кыргызстанда соттолгон же жазасын өтөгөн адамдарга айыл өкмөт башчылыгынан баштап, жогорку мамлекеттик органдарда иштөөгө тыюу салган нормаларды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Мындай маалыматты «Республика» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев 10-апрелде билдирди.
К.Бокоев бул максатта КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков менен биргеликте «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Депутаттын айтымында, бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун эң негизги максаты – мыйзамдарды бири-бирине каршы келген нормаларды алып салып, бири-бирине шайкеш келтирүү. Мыйзамга ылайык соттолгон же жазасын аткарган жаран аким, мэр, айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт. Бирок ошол эле убакта президент, министр, депутат болууга укугу бар. Депутаттар мындай карама-каршылыкты жоюу үчүн маселени жалпы жыйында талкуулап, чектөөнү саясий жана жогорку кызматтарды ээлөөгө да киргизүү керек деген ойдо турушат. Эгерде бул демилге колдоо таппаса анда буга чейин кабыл алынган «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» жана «Жергиликтүү администрация жөнүндө» мыйзамдардагы чектөө койгон нормалар да алыныш керек.
Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын катчылыгы
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020