10 апрель 2013, 15:58

Кыргызстандыктар Түштүк Кореядан эвакуацияланбайт

Кыргызстандыктар Түштүк Кореядан эвакуацияланбайт Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматы боюнча бул өлкөдө үч миңден ашуун кыргызстандыктар бар. Алар корейлерге турмушка чыккан кыздар, билим алып жаткан студенттер жана жумуш издеп барган мигранттар. "Түндүк Кореянын чет өлкөлүктөрдү чыгарып кетүү боюнча эскертүүсүнө өлкө ичинде олуттуу маани берилген жок. Андыктан эвакуация боюнча маселе коюлган жери жок”, - деп билдирет элчиликтин кызматкери Маратбек Молдалиев.
Бирок бирин-экин кооптонуп телефон чалгандар бар экенин айтат элчиликтин кызматкери. Негизинен студенттер арасында тынчсыздануулар көбүрөөк байкалат. "Кыргыз диаспора башчылары менен жолугушуу өткөрүп, алдын ала чаралар боюнча сүйлөшүп койдук. Кокус согуш башталып кетсе, биздин жарандарды алып чыгып кетүүгө элчилик даяр”, - деди Молдалиев.
Түштүк Кореянын Пусан шаарында эмгектенгенине эки жылга чукулдап калган Нурлан аттуу кыргыз мигранты менен байланышканыбызда, жергиликтүүлөр арасында эч кандай паника байкалбаганын айтты.
"Адатта түшкү саат 12.00до жанылыктарды көрсөтөт. Баарыбыз чогулуп, бир сыйра талкуулап алып жумушубузду уланта беребиз. Жергиликтүүлөр Түндүк Кореянын мындай жосундарына көнүп бүтүшүптүр, ошондуктан олуттуу бир нерсе болуп кетет деп ишенишпейт. Аларды көрүп биз деле коркпой элебиз”, - дейт ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020