10 апрель 2013, 16:03

Ирандагы зилзаладан 37 адам каза тапты

Ирандагы зилзаладан 37 адам каза тапты Зилзала Ирандын түштүк-батышында "Бушер” өзөктүк электр станциядан анча алыс эмес жерде катталган. Маалыматтарга карганда жердин силкинүүсү 6,1 баллга жеткен. Учурда 37 адамдын каза таап, 850 кишинин ар кандай жаракаттарга кабылганы туралуу айтылып жатат. Жер бир нече ирет силикнип, кайра-кайра кайталанып турганы чоң кыйроолорго алып келген деп айтылат кабарларда.
Тектеш темалар
Азия
Зилзала болгон аймактарда кутаруу жана тез жардам кызматтары иштеп жатат. Бул аймакта жүздөгөн конуштар болуп, болжолу 10000 дей киши жашайт. Акыркы маалыматтарда 10дон ашуун айыл зилзаладан кийин таптакыр талкаланып калды.
 
Зилзала болгон аймактарда кутаруу жана тез жардам кызматтары иштеп жатат.
Жер титирөө башка өлкөлөрдө да байкалган. Маселен, Перси булуңунда, Бахрейнде жана Дубай, Абу-Даби шаарларында.
Ирандын сейсмологиялык борбору Бушер аймагында 6,1 баллга жетип, бир саат ичинде беш жолу кайталанган, эң катуу силкинүү кийин 5, 4 баллды көрсөткөн деп кабарлады.
Иран расмийлери зилзаладан "Бушер” өзөктүк станциясы жабыр тартпаганын билдирди.
Бул өлкө сейсмикалык кооптуу аймак катары эсептелет. Бам шаарында 2003-жылы болгон зилзаладан 25 миңден ашуун адам каза тапкан эле.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020