10 апрель 2013, 16:20

Депутат Чолпон Султанбекова Бий спорт федерациясынын аккредитациялоо маселесин чечүүнү суранды

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 9-апрелдеги жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова Бий спорт федерациясынын кайрылуусу менен тааныштырып, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик орган менен федерациялардын ортосундагы чыр-чатакты чечүү үчүн депутат өзү даярдаган мыйзамга президенттин каршы пикирин кыйгап өтүү үчүн палатага чыгарууну суранды. Бул тууралуу «Республика» фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ч.Султанбекованын айтымында, Бий спорт федерациясы 1994-жылы негизделип, 19 жыл ичинде өз күчү жана каражаты менен спорт бийлери боюнча чемпионаттарды жана биринчиликтерди өткөрүп келүүдө. Бирок аталган федерацияга мүчө болгон айрым адамдар өздөрүнүн альтернативалуу республикалык бий спорт федерациясын түзүп, бир катар тоскоолдуктарды жаратышууда. 

Спорттун бир эле түрү боюнча бир нече федерация түзүлүп жаткандыгы эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюн түшүрүп, 2013-жылы Улуттук олимпиада комитети Бий федерациясын таануу боюнча чечимин кайра кайтарып алган. Бул жагдай спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусунун үзгүлтүккө учурашына алып келген. Ушул маселени жөнгө салуу максатында «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору иштелип чыккан, бирок ага президент каршы пикирин билдирди. 

Депутат каршы пикирди кыйгап өтүү үчүн мыйзам долбоорду жалпы жыйындарга чыгарып, Бий спорту боюнча федерациясын аккредитациялоо маселесин чечип берүүнү суранды.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020