11 апрель 2013, 07:23

Р.Эрдоган: “Кыргызстандын “Манас” аба майданындагы америкалык базаны талкуулоо бул Түркиянын иши эмес”

Р.Эрдоган: “Кыргызстандын “Манас” аба майданындагы америкалык базаны талкуулоо бул Түркиянын иши эмес” "Кыргызстандын "Манас” аба майданындагы америкалык базаны талкулоо бул Түркиянын иши эмес”, - деп билдирди Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган 10-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Журналисттерди Бишкекте өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн "Манас” аэропортундагы америкалык аскер базасы тууралуу маселе талкуулангандыгы боюнча суроо кызыктырды.

Эрдоган эртең менен премьер-министр Ж.Сатыбалдиев менен, кечинде президент А.Атамбаев менен жолукканда дагы бул маселе көтөрүлбөгөндүгүн белгиледи.

"Кыргызстандын "Манас" аба майданындагы америкалык базаны талкуулоо бул Түркиянын иши эмес, биз буга кийлигише албайбыз”, - деди ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020