11 апрель 2013, 07:53

Жылдыз Жолдошева: Ирина Карамушкина Кыргызстандан чыгып кетсин

Жогорку Кеңеште «Ата Журт» фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева «Учур» №65 (231) басылмасынын бүгүнкү санына маек курду. Анда ал кесиптеши КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина менен болгон кастыгынын себептерине токтолду.

Депутат айым бул маселени этика боюнча комитетинде каралып, бирок ал негизинен коалициялык көпчүлүктөгү депутаттардан тургандыктан, Карамушкинаны коргоп коюшту деп нааразы.

Эске салсак, Жолдошева депутат Карамушкина Жалал-Абадда абактагы депутат Камчыбек Ташиевдин таламын талашып чыккан баатыр энелерди фашистке теңеди деп күнөөлөп, акыркысы антип айтпаганын, анын айткандарын туура эмес бурмалап алышкандыктарын айтып келет.

Бул маегинде Жолдошева Карамушкинага да бир жолу кайрылып, баатыр энелерден кечирим суроосун талап кылды, болбосо ал Кыргызстандан көчүп кетсин деген маселе койду.  
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020