18 апреля 2013, 07:59

Азиз Батукаев: “Силер бандит, беспредельщиктерди бизге аралаштырбагыла, биз, криминалдар, башкабыз”

Нарын шаарындагы №4 тергөө изоляторунда кримлөктөрүнүн бири делген Азиз Батукаев өз мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал буга чейинки кылмышы үчүн соттолуп, бирок 2005-жылдын 20-октябрында №31 колонияда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Тынычбек Акматбаевди жана алардын жардамчыларын өлтүрүүгө катышы бар деп кошумча айыпталган. Жыйынтыгында 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн районунун соту А. Батукаевди 16 жыл 8 ай 15 күнгө күчөтүлгөн режимге кескен. Үй мүлкү мамлекеттин пайдасына кириштелген. Айыпталуучу тарап "Биздин мыйзам боюнча апелляция берүүгө болбойт” деп апелляция берген эмес. Азиз мырза менен ушул колонияда отурган мезгилинде баарлашкан элек. Бул Азиз Батукаевдин түрмөдө берген акыркы маеги болуп саналат.

- Буга чейин республика боюнча абактардагылар саясый талап коюп, ооздорун тигип ачкачылык жарыялады, ушул сиздердин айтылып жүргөн ички мыйзамыңыздарга туура келеби?

- Азыр баары өзгөрүп атпайбы. Бизде да, тилекке каршы, "мыйзамдар” өзгөрүүдө же өзгөртүп атышат. 1984-жылы "блатнойлор” "мужиктердин” ишеничине кирип, алардын чыныгы сыйына татыган үчүн "мужиктер” ачкачылык жарыяласа, "блатнойлор” алардын ордуна станоктордо туруп иштешкен. Негизи ушундай кадамдарга барарда "блатнойлор” өз камераларындагы тамак-аш, дегеле бардык буюмдарын алып чыгып, баары аны көрүшү керек. Анын үстүнө андай талап коюуга биздин укугубуз жок. Тигини бул жакка котор же которбо, тигини жумуштан ал же алба деп талап койбой эле, биротоло бизди чыгаргыла деп эле айтпайлыбы анда (күлөт). Биздин саясатка аралашканга акыбыз жок.

- Кантип, кара риелторлор, шайлоодогу айрым саясый оюндар сиздер аркылуу болуп кетип атпайбы? Анан кантип криминал саясатка аралашпайт?

- Силер бандит, беспредельщиктерди бизге аралаштырбагыла, биз, криминалдар, башкабыз. Айырма асман менен жердей.

- Анан сиз "түрмөдөгү почталар” аркылуу ал ишке барбагыла деп айта алдыңызбы?

- Айтылды, айтылган эмес деп сизге айта албайм. Бирок, карасаңыз, жалаң жаштар ооздорун тиккендер. Эгер ооздун эки тарабын эле көзөп коюп, сүйлөй алса, кантип тиккен болсун. Демек, сүйлөй алган киши ал жерден тамак да иче алат. Кагаз кыпчыткан скрепкалар менен бекитишкен, мындай болбойт да. Тигет деген бул, мисалы, кийим тиккен машине менен жылчыксыз тиккендей болушу керек.

- Нарындагы №4 тергөө изоляторун неге колдогон жоксуздар?

- Айтпадымбы, ал үчүн аябай олуттуу бир себеп болушу керек. Бул жакта, байкап тургандай, шарттар жакшы. Олтурган жерибиз жылуу, мага бул жак жагат. Кызматкерлердин мамилеси да жакшы. Ушул жерден айтып коёюн, биздин милиция кызматкерлер, дегеле аскер кызматкерлер гумандуу, алар жөнүндө айтылып жүргөндөй жырткычтар эмес. СССР убагында ошол чоң өлкөнүн дээрлик бардык түрмөлөрүндө болдум. Этап-этап болуп бөлүнүп олтуруп, самолеттон Кыргызстанга келгенде жерге түшүп эле тосуп турган милиция кызматкерлерин кулагынан чоюп бетинен өпкүң келчү. Биздин милициялар аракет кылышса да андай жаман боло алышпайт. Мына жырткычтай мамилени Орусиянын түрмөлөрүнөн көрсө болот. Нарындын түрмөсү жакшы, жыргал да.

- Сиздин пикириңизде кайсыл жердин түрмөсү абдан катаал?

- Менимче, Орусиянын Уральск шаарындагы түрмө абдан жаман. Ал жакта сени менен эч ким эсептешпейт.

- Негедир ойлодум эле Кавказда түрмөлөр жаман деп.

 - Кайдан, ал жакта акча алат да. Акча алган жакта эч качан жаман болбойт (күлөт).

- Сиз жөнүндө көп уламыштар айтылат. Мисалы, Чеченстандын президенти менен сүйлөшүп турат экен деген сыяктуу...

- (Күлөт) Кыз менен жигит сейилдеп жүрөт дейли. Жигит кызга асмандагы жылдыздар жөнүндө айтып берип жатса, ал жигиттин космонавт экенинен кабар бербейт да.

- Нарын жагып жатабы?

- Жакшы жер. Абасы эле бир аз бийик болгону болбосо. Эшик суук болуп, сейилдегенге чыга албай жатам. Ошол үчүн кубарып турам го.

- Гезит-журнал окуп турасызбы?

- Ооба, сураган адабияттарым келип турат, бирок бир аз кечирээк. Өзүңөр көргөндөй, телевизор бар. Мен "5-каналдын” жаңылыктарын жактырып көрөм.

- Сиздин түрмөдөгү мөөнөтүңүз качан токтогону турат?

- Анын баары бир Аллахтын колунда. Жаш кезде баары болгон. Азыр балдарым, үй-бүлөм бар. Менде кимдер үчүн жашай турган ой бар.

Маектешим Азиз Батукаев жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылат. Алардын бири аны кримдүйнөсүнүн Борбордук Азия боюнча "смотрящийи”, айтылуу кримлөгү Япончиктин досу Дато Ташкентский келип "тааныштырган” деген.

Ал учурда олтурган жердин кенендиги, студенттердин жатаканасындагы бир бөлмөнү элестетет. Мындайды таза, тыкан, жылуу деп коёт эмеспи. Дубалда ислам динине тиешелүү плакаттар, түстүү кытай телевизорунун үстүндө чоң Куран китеби. Эки ярустуу эки керебет коюлган. Бирок бөлмө жалгыз А. Батукаев үчүн. Бөлмөдө турмуш-тиричилигине тиешелүү бардык буюмдар бар.

Бою узун, сүйлөгөндү, жооп бергенди жакшы билет. Аны менен сүйлөшүп олтуруп, коркунучтуу кылмыштарды жаныңда жайма-жай сүйлөп аткан киши кылганына ишенбей да кетесиң. Кээде тамашалап сүйлөгөнү менен, көздөрүнүн тереңинде жапайы бир жырткычтык ирмем бөгүп жатат, анда-санда пайда болуп. А.Батукаев быйыл 47 жашта. Анын 28 жылын түрмөлөрдө өткөзгөн. Тергөө абагынын айрым кызматкерлеринин айтымында, анын негизги касташы делген маркум Рыспек Акматбаев жөнүндө бир да жаман сөз айтпайт, өзүн үлгүлүү алып жүрөт. Бирок кызматкерлердин баары эле аны мактай бербейт, арасында жаман көргөндөр да бар.

Ушул эле тергөө изоляторунун башка камераларында жесе ашка, иштесе ишке тойбой, кыз сүйүүсүнө арзый турган жаш жигиттер көп экени өкүнүчтүү. Алардын көпчүлүгү А.Батукаев ким экенин билбесе деле керек. Кармалгандардын ар бир экинчиси мал уурулуктун айынан түшкөндөр.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter