18 апреля 2013, 08:45

Cириядагы согушка кетти делген кыргыз жарандарынын ишин Түркия прокуратурасы иликтөөдө

  Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунан кабарлашты.

Башкы консул Мирлан Арстанбаевдин маегинде түрк прокуратурасы тергөө учурунда топтолгон маалыматтарды ачыкка чыгарбай турууну өтүнгөнүн кошумчалады.

«Стамбулдун прокуратурасына арыз менен кайрылдык. Биздин арыздын негизинде иш козголду. Азыр тергөө жүрүп жатат. Прокуратура менен байланыштабыз. Туугандарынан алынган маалыматтардын баарын, Кыргызстанга чалынган телефон номерлерди бергенбиз, - деди ал.

Жаштар тобун Кызыл-Кыя менен Аравандын мечиттеринен азгырып, Түркия аркылуу жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияга алып кетишкенин бүгүн парламентте депутат Дастан Жумабеков айтып чыккан болчу.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан бүгүн билдиришкендей, аларга Кызыл-Кыя шаарынын 18ден 36 жашка чейинки жети тургунун ата-энесинен арыз түшкөн.

Комиссиянын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаевдин айтымында, алгач Түркияга барган ал жарандар туугандарына телефон чалышып, Сирияга кетүү алдында турганын билдиришкен.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter