18 апреля 2013, 09:54

Америкалык базанын Кыргызстанда турушу биздин өлкөдө гана эмес, бүт Борбордук Азия аймагында чыңалууну жаратуунун бирден-бир фактору.

"Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын билдирүүсү
Дүйнөлүк аскердик  - саясый акыбал курчууда. Жакынкы Чыгыштагы, Тынч океан аймагындагы чыңалуулардын очогу ТЫНЧТЫК туруктуу эмес экендигин далилдейт. Ошондуктан Америкалык базанын Кыргызстанда турушу биздин өлкөдө гана эмес, бүт Борбордук Азия аймагында чыңалууну жаратуунун бирден-бир  фактору.
     Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев А.Ш. бир канча жолу 2014-жылы америкалык "Манас” транзиттик жүк ташуучу борбору деп аталган аскердик базасын чыгарам деп убада берген. Мындай убадаларды ал чет өлкөлөргө чыкканда жана да көптөгөн маалымат жыйындарында билдирген.
13 май 2009-жылы "Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун” 11-беренесинде "...Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин бир жыл иштейт жана дипломатиялык каналдар аркылуу кайсы бир тараптын 180 күн калгыча Макулдашууну токтотуу билдирүүсүн алгыча күчүндө кала берет” деп белгиленген.
"Манас” транзиттик жүк ташуучу борборун айтылган убакта чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дипломатиялык каналдар аркылуу 3-июль 2013-жылдан кеч эмес убакта, же болбосо Макулдашуунун негизинде 180 күн калгыча, кагаз жүзүндө билдирүү жөнөтүш керек.
Бирок, бүгүнкү күндө бул маселени чечүү үчүн Президент тараптан да, Өкмөт тараптан да эч кандай чара көрүлө элек. Жогорку Кеңеш июль айында эс алууга кетет, анда бул маселе күзгө калып калат. Демек маселени чечүү белгисиз бир убакытка созулаары шексиз.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Президентинин америкалык аскер базасын 2014- чыгарам деген убадасы ишке ашпаса, анда кыргыз элинин ар-намысына, кадыр баркына чоң зыян келтирет, ал Кыргызстандын өнүгүшүнө  таасирин тийгизет. 
Кыргызстандын эгемендүү болгонунан тартып президенттер көп багыттуу (многовекторный) тышкы саясат жүргүзүп келишет. Тарых тастыктагандай мындай акыбал эч качан жакшылыкка алып келбейт.
Кыргызстан ШКУнун, ЖККУтун толук ыйгарымдуу мүчөсү жана ага катышкан өлкөлөрдүн астында алган милдеттери бар экенин унутпашыбыз керек.
Айтылгандарды эске алып "Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы Кыргыз Республикасынын бийлигинен токтоосуз түрдө "Манас” жүк ташуу борборун чыгаруу аракеттерин баштоону талап кылат. Мындан ары тышкы саясатта биздин стратегиялык достордун кызыкчылыгы алкагында болууну талап кылабыз. 

”Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter