18 апреля 2013, 12:09

Камчы Көлбаев сотто тагылып жаткан айыптарды моюнга албай турганын айтты

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум өтүп жатат. Анда айыпталуучу Камчы Көлбаев өзүнө тагылып жаткан айыпты моюнга албай турганын айтты. "Бул жерде айтылган фактыларды моюнга албайм. Мен өзүмдү күнөөлүмүн деп эсептебейм”,- деди Көлбаев. Жыйында мамлекеттик айыптоочу суракты айыпталуучудан баштоону сунуштады эле, буга Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян каршы чыгып, суракты жабырлануучулардан жана күбөлөрдөн баштоо керектигин айтты. 
Эске сала кетсек, Көлбаев кылмыштуу топтун өкүлү катары баңги заттарды жана курал жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу беренелер боюнча айыпталууда. 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter