18 апреля 2013, 12:14

Аида Салянова кайсы каражаттарга Лексус үлгүсүндөгү унааны алгандыгына депутаттар кызыкты

Аида Салянова кайсы каражаттарга Лексус үлгүсүндөгү унааны алгандыгына депутаттар кызыкты Учурда Лексус 470  үлгүсүндөгү унаа менен жүрөрүн башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат  Улукбек Кочкоровдун суроосуна жооп берип жатып айтты. "Бул унаа 2011-жылы алынган. Мен бул кызматка келгенде мурунку башкы прокурор Мерседес геленваген үлгүсүндөгү унаа менен жүрчү экен, ага 30-40 литр май кетчү, ошондуктан андан баш тарттым”,- деди ал. Ал эми депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, Аида Салянова өкмөт бюджетин кыскартуу боюнча атайын токтомун бузууда. "Токтомдо кызматтык унаалардын чыгымы 3 литрден ашпасын деп жазылган. Сиз кымбат, көп бензин талап кылган унаа минип жүрөсүз. Чек арадагы эл күнүнө 20 литр сууну күтүп жатат”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде Аида Салянова эгерде аталган унааны сатып алууда кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу далилдер жок эле, мындай билдирүүнү таратпоону суранды. "Эгерде каражат туура эмес сарпталган болсо, анда тиешелүү адамдар жазасын алат”,- деди башкы прокурор.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter