18 апреля 2013, 12:39

А.Салянова: Н.Түлеевдин рак менен ооруп жаткандыгы тууралуу менде маалымат жок

А.Салянова: Н.Түлеевдин рак менен ооруп жаткандыгы тууралуу менде маалымат жок  Мыйзам бардык жарандар үчүн бирдей иштеп жатат деп ойлойм, деп билдирди башпрокурор Аида Салянова бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Жолдошеванын суроосуна жооп берип жатып.

Ал билдиргендей, Н.Түлеевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 295-беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна бардык чогултулган материлдар негиз болгон. «Анын күнөөсү аталган беренеге туура келээрин биринчи инстанциядагы сот дагы далилдеди», - деди ал.

Ж.Жолдошеванын «Батукаевдин чыгарылышы мыйзамдуубу, андай болсо, эмне үчүн рак менен ооруп жаткан Н.Түлеев бошотулбайт» деген суроосуна, башпрокурор «мыйзамдагы уурунун» бошотулушу боюнча кайсы бир орган тарабынан мыйзам бузуу болгондугу тастыктал жок, деп жооп берди. «Учурда депутаттык комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Ал эми Н.Түлеев рак менен ооруп жатат деген менде маалымат жок. Буга чейинки медициналык текшерүү боюнча мындай жыйынтык чыккан эмес», - деди Салянова.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter