18 апреля 2013, 13:34

Аида Салянова: «Мен Гелентвагенде эмес, болгону Лексус GX 470 машинасында жүрөм»

"Мен мурдагы прокурордун унаасы Гелентвагенде эмес, болгону Лексус GX 470 унаасында жүрөм»-деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова.
Башкы прокуратуранын кымбат баалуу кызматтык унаа алуусу тууралуу маселени «Ата-Журт» фракциясынан Улукбек Кочкоров көтөрдү. "Өкмөттүн кымбат баалуу кызматтык унаа алууга тыюу салган токтому бар. Бирок ага карабастан, БШК жетекчиси жана Башкы прокурору кымбат баалуу унаа алышкан. Бул бюджеттин тартыштыгы 17 млрд сомду түзүп турганда болуп аткан иш», - деди У.Кочкоров.
Өз кезегинде Башкы прокурор мурдагы прокурор Гелентвагенде жүргөндүгүн айтты. «Мен мындай машина ала албайм. Биз арзаныраак– Лексус GX 470 машинасын алдык. Бул деген LX эмес, болгону GX. Мындан тышкары, токтомдо унаанын баасы тууралуу норма жок, анда кыймылдаткыч көлөмү тууралуу айтылат. Бул параметрлер бузулган эмес», - деди А.Салянова.
Бирок депутат ага макул болгон жок. "Анда кыймылдаткыч көлөмү 3 миң куб см ашпашы тууралуу жазылган. Ал эми сиздин Лексус 4 миң куб см көлөмгө ээ. Демек, сиздин унаа көрсөтүлгөн чектен чыгууда», - деп жооп кайтарды У.Кочкоров. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter