18 апреля 2013, 14:18

2012-жылдагы кылмыш иштеринин 70 пайызы мамлекеттик органдар менен байланышкан

Кыргызстандагы 66,9% кылмыш иши мамлекеттик органдар менен байланышкан. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде, КРнын башкы прокурору Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, 3,8% кылмыш иштери жеке тараптар, 13,2%- экономика, 66,9% - мамлекеттик органдар, 11,7% - аскердик кылмыштар менен байланышкан.

Ошондой эле бийликтин аткаруу бутагына, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга 6 136 текшерүү жүргүзүлгөн. Козголгон 494 кылмыш иши боюнча 4 миң 772 кызматкер жоопко тартылган.

"Алардын арасында жогорку даражалуу чиновниктер бар. Мисалы, Ысык-Көл ички иштер башкармалыгын башчысы, билим берүү министринин орун басары, Ысык-Ата, Чаткал, Ала-Бука райондорунун акимдери жана башкалар",- деп кошумчалады Салянова.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter