18 апреля 2013, 15:10

Экс-депутат Б.Наргозуев: Текебаев азыр М.Акаева менен М.Бакиевдин ролун аткарып атат

Акаевдин учурунда мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун 5 борбору болгон: Акаев, Майрам Акаева, Адиль Тойгонбаев, Бермет Акаева жана Айдар Акаев, дейт экс-депутат Бегалы Наргозуев «Параграф» гезитинин 18-апрелдеги санына берген маегинде.

Анын айтымында, эң таасирдүүсү М.Акаеванын борбору болчу. Ал эми Бакиев доорунда мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун 4 борбору болгон Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Марат Бакиев жана Максим Бакиев. Эң таасирдүүсү Максим Бакиевдин борбору болгон. Ал эми Атамбаев доорунда мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун 3 борбору түзүлдү. Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев жана Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязовдун тобу.

«Булардын ичинен эң таасирдүүсү Ө.Текебаевдин тобу. Ө.Текебаев азыр М.Акаева менен М.Бакиевдин ролун аткарып атат. Анткени мародерлуктан өз партиясын сактап калуу үчүн Атамбаевге айласыз бириккен Текебаев албетте өз оюндарын жүргүзө баштады. «Эгер экөөбүз бирикпесек, тиги бөлтүрүктөргө бийликти алдыртсак анда эле түрмөдө чирийбиз» деп АШАнын жүрөгүнүн үшүн алган Текебаев саясаттагы 20 жылдык тажрыйбасын пайдаланып, ар кандай саясий комбинацияларды түзүп, АША аркылуу ишке ашыра баштады. Кудум эле Максимдей схемаларды түзөт», - дейт ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter