18 апреля 2013, 15:16

Текебаев менен Болот Шердин арасын кара мышык араладыбы?

 «Ата Мекен» партиясынын ичи ириңдей баштаганын бизге таластык тургундар шыбырады, деп жазат «Мекен инфо» гезити 18-апрелдеги санында.

Гезитте жазылгандай, акыркы кезде анабашчысы Текебаевдин саясаты Бокеңе жакпай жүргөн белем, Асия Сасыкбаеваны баш кылып бир канчасын тескери имерип атат дешет акүйдөгүлөр. Бир кезде Бакиев бийлигин кылмыш дүйнөсү башкарып кетти деп жер сабап жүргөн Өмүкенин өзүнүн короосунан кылмыш дүйнөсүнүн анабашчылары чыгып, 7-кабатка чейин эркин тайраңдап Текебаев менен чайлашып атканы Болот Шердин куйкасын куйуштурса керек.

Анан калса оозунан көк түтүн чыгара сүйлөгөн Текебаев Батукаев ээн-эркин чыгып кетсе лам деп ооз ача элек. Ушундай терс көрүнүштөр Боке менен Өмкенин арасын ажыратат көрүнөт. Бокең намыстуу жигит, беттегенин бербейт го, дейт гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter