18 апреля 2013, 15:26

Депутат Ы. Кадыралиева: Кыздардын чет өлкөгө иш издеп баруусуна 22 жаштан тартып гана уруксаат берилгени туура

 Республиканын чегинен тышкары чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндөгү» Жогорку Кеңештин токтом долбоору депутат Ыргал Кадыралиева тарабынан демилгеленүүдө. Мындай маалыматты ЖК басма сөз кызматы билдирди.

«Кыздардын чет өлкөгө иш издеп баруусуна 22 жаштан тартып гана уруксаат берилгени туура. Анткени, ошол куракка келмейинче, кыздарыбыз толук билим албай, өз укуктарын коргой албай жаткандыгын турмуш көрсөттү. Ошондуктан, адеп-ахлактык баалуулукту сактоодо демографиялык кризистин, жарандардын соодаланышына жол берген коркунучтардын алдын алуу, сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышына жол бербөө жана репродуктивдүү ден соолукту сактоо максатын алдыга койгон Жогорку Кеңештин токтом долбоорун убагында кабыл албасак, учурдан уттурабыз», - дейт депутат Ы.Кадыралиева «Парламент» (FM 90.2) радиосуна курган маегинде.

«Орусияга Кыргызстандан барган аял-мигранттардын эсеби 30-40 пайызды түзөт. Орто жаш курагы боюнча алгандагы көрсөткүч дагы, балдарын таштап кетүү жана бойдон алдыруу жагынан да алардын алдыңкы катарда тургандыгы өтө ойлонто турган маселе», - дейт эл өкүлү.

«Республиканын чегинен тышкары чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндөгү» Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда Өкмөткө Кыргыз Республикасынын демографиялык жана миграциялык саясатынын стратегиясын иштеп чыгып, парламентин кароосуна алып чыксын деген талаптар камтылган.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter