19 апреля 2013, 09:47

Куран жарыштын жеңүүчүсү Умаров Мухаммадали 100 миң сом байгеге ээ болду

17-апрель күнү саат 09:00дө Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Руспубликасынын мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Исламдын руханий баалуулуктарына негизделип, кыргыз элинин, айрыкча жаштардын жашоо жолун өнүктүрүү жана үгүттөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүп жаткан "Адеп Башаты” коомдук прогресивдүү фонду Республикалык III Куран жарышын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жарыш 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйылкы жарышка конок катары чакырылган нгипеттик таанымал кары Саид Мухаммед Шахин Абулайла жана Түркиядан келген Абдуррахман Баз Куранды көркөм окууларын программанын башталышында жана жарыш түрлөрүнүн арасында тартуулашты. Бул жарышка өлкөнүн областтарынан келген уландар катышты.  

Куран жарыштын жеңүүчүсү болуп Умаров Мухаммадали табылды. "Быйыл 8-классты бүтөм, 2008-жылы 10 пара Куран боюнча Бишкекте өткөн эл аралык жарышта биринчи орунду алгам. Анда 10 жашта болчумун. Аллах Таала ушундай жакшылык берген соң, жогорку окуу жайды бүтүп, Курандан сабак берейин деген оюм бар. Азыр араб тилин үйрөнүп баштадым”,- дейт Умаров Мухаммадали.

Байге фонду жалпысынан 310 000 сомду түзгөн жарыш үч түрдөн болду: 1) Куранды толук жаттап (30 пара) биринчи орунду ээлегенге 100 000 сом, экинчи орунга 60 000 сом, үчүнчү орунга 40 000 сом чектелди; 2) Курандын үчтөн бир бөлүгүн жаттап (10 пара) биринчи орунду алганга 30 000 сом, экинчиге 20 000 сом жана үчүнчү болгонго 15 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды; 3) Куранды көркөм окууда (Хүснүл Кыраат) биринчи болгонго 20 000 сом, экинчисине 15 000 сом жана үчүнчүсүнө 10 000 сом бөлүнгөн. Жалпы катышуучуларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди. 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter