19 апреля 2013, 10:24

Россиянын энергетика министрлиги "Камбар-Ата-1дин" курулуш мөөнөтүн жети жыл деп

"Камбар-Ата 1-ГЭСин жети жылда куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Россиянын энергетика министринин орун басары Юрий Сентюрин билдирди",- деп маалымдайт "Бизнес-Тасс".

Курулуш объектисинин болжолдуу мөөнөтү тууралуу айткан орун басар Жогорку-Нарын каскадында алар болжол менен эгерде курулуш иштери биринин артынан бири жүргүзүлө турган болсо 2,5-3 жылды түзө турганын белгилейт. "Эгерде баардык станциялар бир маалда курулса төрт-беш жылдын аралыгында курулуп бүтөт",- деп эсептейт Сентюрин.

Камбар-Ата 1-ГЭСине келе турган болсок, анын курулуш мөөнөтү болжол менен 7 жылга бааланууда.

"Долбоордун өзүн-өзү актоосу пессимисттик вариантта алганда 15 жылга чейинки аралыкты түзөт",- деп тастыктады министрдин орун басары. Сентюриндин айтымында, Камбар-Ата 1- ГЭСинин жана электр берүү линияларынын курулушу болжол менен 64 млрд рублге же болбосо 2 млрд доллардан жогору, Жогорку Нарын ГЭС каскадыныкы 25 млрд рублден - 800 млн доллардан жогору бааланууда.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter