19 апреля 2013, 10:29

Ольга Лаврова: Кыргызстандын тышкы карызы 3,3 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын тышкы карызы 3,3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде, "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында каржы министри Ольга Лаврова кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, дагы $274 млн республиканын ички карызын түзөт. "Ушуну менен КРнын жалпы мамлекеттик карызы $3 млрд 306 млн. Бул сумманын ичине Россия менен 2012-жылдын сентябрында кол койгон келишимдин негизинде кечирилген карызы эсепке кирген эмес. Биз тараптан бүт талаптар аткарылган. Россиялык тарап 15-апрелден тартып талаптарды аткара баштады. Бул иш-чара аягына чыгаар замат, кечилген карызды эске алуу менен тышкы карыздын суммасына биз керектүү оңдоолорду киргизебиз", - деди Лаврова.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter