19 апреля 2013, 11:36

Ш.Атахановдон кийинки кезек А.Саляновага жетеби?

 Болот Шер жетектеген депутаттык комиссия «чү» деген жерден Ш.Атахановду алып түштү. Кезекте А.Салянова баш болгон, акыйкатчы Турсунбек Акун төш болгон бир топ чиновниктер турат, деп жазылат «Фабула» гезитинин 19-апрелде чыккан санында.

«Беттегенин бербеген Боке бир тобун шыпырып түшөрүн бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Анткени, Боке биринчи жолу депутат болгондо Таластагы төө буурчак маселеси боюнча комиссияны жетектеп, ал жердин губернатору Кеңеш Карачаловду алып түшсө, экинчи жолу депутаттык кезинде айтылуу «матрешка» боюнча комиссияны жетектеп, Жаныш Бакиевди жалпайта чапкан жайы бар. Бул жолу кимди шыпырып түшөөр экен, күтө туралы», - деп жазылат гезитте.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter