19 апреля 2013, 12:01

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын учкучтарынын кылмыш ишин токтотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчү канааттандырылган жок «Кыргызстан» авиакомпаниясынын учкуч

Ош шаардык сотунун токтому менен 5-февралда Кылмыш кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту боюнча айыпталып жаткан В.В.Чередниченко жана В.В.Редьковго карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө адвокат Т.Масабированын өтүнүч арызын канааттандыруудан баш тартылган.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун мындай чечимине адвокат Т.Масабирова аппеляциялык тартипте арызданган.

Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана администрациялык мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегиянын аныктамасы менен 11-апрелде адвокат Т.Масабированын даттануусу боюнча аппеляциялык иш аппеляциялык даттанууну кайра сурап алууга байланыштуу токтотулган жана иш Ош шаардык сотуна мындан аркы кароого кайтарып берилген.

В.В.Чередниченко жана В.В.Редьковдор Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү (Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча күнөөлөнүп жатышат.

Эскерте кетсек, 2011-жылдын 28-декабрында Ош шаардык аэропортунда Бишкек-Ош каттамы боюнча учкан «Кыргызстан» авиакомпаниясынын «ТУ-134» учагы конуу учурунда жерге урунуп, анын жыйынтыгында конструкциясы талкаланып, күйүп кеткен. Бортто 82 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 6су ооруканага жаткырылып, бирөө катуу жаракат алган.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter