19 апреля 2013, 12:35

Кылмышкерлер ИИМдин чоң кызматтарында отурушат, - Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн мурдагы өкүлү Б.Жумашев

Кылмышкерлер ИИМдин чоң кызматтарында отурушат, - Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн мурдагы өкүлү Б.ЖумашевКылмышкерлер ИИМдин чоң кызматтарында отурушат, деп билдирди Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн мурдагы өкүлү Бактыбек Жумашев бүгүн, 19-апрелде өткөн жыйында.

Анын айтымында, ИИМдин Свердлов райондук мамлекеттик адистештирилген күзөт башкы башкармалыгына таандык «Ливна» цистернасын мыйзамсыз алып кеткен Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине карата чара көрүү керек. Бул кылмыш ишине катыштыгы бар адамдар дагы деле жооптуу чоң кызматтарды ээлеп отурушат. Бул кылмыш иши боюнча күбөнүн көрсөтмөсү боюнча 961 869 сомдук цистернаны алып кеткен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги Акматов Талант болгон. Ал азыр ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт бөлүмүнүн начальниги кызматында отурат. Бул боюнча тергөө ишин баштаган Свердлов райондук сотунун тергөөчүсү Аким уулу Алмаз белгисиз себептер менен ишти токтотуп койгон. Ошондой эле, Свердлов районунун күзөт бөлүмүнүн ошол кезедеги начальниги Максат Момунов да суракка алынган эмес.

«Бул кылмыш 2010-жылдын жаз айларында болгон. Мен бул ишти иликтөө үчүн Бактыбек Жапаров 2012-жылдын 7-декабрында Свердлов РИИБне арыз менен кайрылган. Мен аны менен юрист катары ишти иликтөө максатында келишим түзгөм. Анан кайра министрдин буйругу менен М.Момунов кызматына келип, ал келишимди эч негизсиз бузду. Менимче, бул ишке ошол кездеги жогорку кызматтагы адамдардын тиешеси бар. Муну күбө Талип Өмүракунов да далилдеп жатат», - дейт ал.

Бул иш аягына чыкпай токтоп калабы деп кооптонуп жатам. Мен бул ишти кайра жандыруу үчүн Башкы прокуратурага, ИИМдин өзүнө арыз менен кайрылдым, азыркы тапта тергөө иштери башталды, деп кошумчалады ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter