19 апреля 2013, 15:16

Жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо өткөрүш үчүн 15 миллион сомду коротушат

26-майга белгиленген Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүш үчүн 15 млн 475,4 миң сом кажет. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Чыгашалардын мындай тизими Боршайкомдун кеңешмесинде бекитилди. Боршайкомдун аппаратынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгына бекитилген тизим аркылуу каржылоону ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, кайрадан жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо "Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгилөө жөнүндөгү" жана "Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл менен Чүй областтарындагы жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндөгү" президенттин жарлыгына ылайык, 26-майга белгиленген
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter