19 апреля 2013, 16:08

Кылмыш дүйнөсүндөгү «Уюшкан кылмыштуу топтордун башчысы», «мыйзамдагы ууру» түшүнүктөрү мыйзам аркылуу такталды

К.Булатов: Мен криматалык Батукаевдин бошотулушу боюнча Атамбаев  түздөн-түз өзү күнөөлүү деп эсептейм
 
- Качкынбек байке, киши өлтүрүү беренеси  менен 16 жылга камалган айтылуу крим аталык А. Батукаев өлкөдөн ээн-эркин чыгып кетти. Бул адамдын качып кетүүсүнө ким мүмкүнчүлүк түзүп берди?
 
- Азиз Батукаев   2006-жылы 4 кишини  өлтүргөн. Ошондо биздин атайын даярдалган топ зонага барганда Батукаев камалган  жерде үч жип унаасы токтоп турганын көрсөтүшкөн. Мындан сырткары ал жигит үчүн эки кабаттуу үй салынганы, дубалдагы килемдеринде эки кылыч илинип турганын, эки пулемёт  табылганын айтышпады беле. Ошондо Батукаевди сабап, СИЗОго алып келишкен. "Үч жип унаасы Малдавановка түрмөөнүн ичинде эмнеге турган?” деген суроо жаралбай койбойт да.  Демек, ал каалаган убакта сыртка чыгып "разборкаларын” жүргүзүп, акчаларын алып жүрүшчү. Өлүм жазасы жок болгондон кийин өмүр бою эркинен ажыратуу беренеси иштей баштаганын жакшы билесиздер. Батукаевди да эң оор деген берене менен16 жылга эркинен ажыратышкан. Бирок кылмыш чөйрөсүндөгүлөр "Ак үйдөгүлөрдүн” мындайча айтканда президенттин колу менен бошотулуп атат. Себеби президентке сот, ГСИН, ГКНБ , прокуратура дагы баш ийет. Ошондуктан Батукаевди бошотуу операциясы Ак үйдөн даярдалган.  Ансыз баары жумуштан кетмек да. Түрмөнүн начальниги жазып атат "медициналык корутунду бергиле” деп. Эмне үчүн башка камалган кыргыздар үчүн андай корутунду берилбейт? Профессорлор  А Батукаевге вертолёт менен атайын Нарынга  барып корутунду чыгарып жатпайбы. Бул эмне дегендик? Батукаевдин азыркы президент үчүн кадыр-баркы чоң экенин билгизет да. Мен крим аталыктын бошотулушу боюнча Атамбаев  түздөн-түз өзү күнөөлүү деп эсептейм. 
 
- Ушул ишке акыйкатчы аралашышы мүмкүнбү?
 
- Ак үйдөн документ даярдалып жаткандан кийин көптөгөн мамлекеттик органдар аралашышы мүмкүн.  Акыйкатчынын, прокуратуранын, ГСИНдин арызын алышып,  ошолордун арызынын негизинде муну сотко берет да. Болбосо эртең өлөт делип даярдалган корутунду менен түрмөдөгүлөрдүн баарын эле чыгара бербейби?
 
- Түрмөдө жатып, эркиндиктеги адамдардан алда канча ыңгайлуу шартта жашаган адам айыккыс оору менен ооруп калды дегенге ишенесизби?
 
- Эч кандай ишенүүгө болбойт. Себеби Батукаев үчүн ал жакта эчкилер багылчу, бээлер саалчу. Ал жигит саамал ичип, тамактары аябай жакшы болчу. Андан сырткары А.Батукаевдин сакчылары соттолбогон адамдар эле. Муну менен Батукаев түрмөнү эле эмес ГСИНди башкарып турган десе болот. Анан кээ бирөөлөр таң калат түрмөдө жатып кантип 2млрд акча тапсын деп. Бул ал үчүн жепжеңил болгон. Мисалы түрмөнүн ичинде "прагон” деген бар. Түрмөнүн ичинде 20 миң киши жатса,  аларга "ууруга акча керек” деп айтат. Мындан соң зонанын ичинде ар бир киши иштей баштайт. Анткени бардык зоналарда Батукаевдин кишилери бар.  Алар талап коюшат мынчадан акча чогултасыңар деп. Түрмөдө жаткандар үйлөрүнө жазат мага акча керек болбосо өлтүрөт дешип. Ошентип миллиондор жөн эле чогулуп калат.
 
- Эмне үчүн Батукаев Чеченстанга кетти деп ойлойсуз?
 
- Бул эми 2009-жылы Камчы Көлбаевдин  "Азиз Батукаев ууру эмес” деген каты зонага тарайт. Ошондон кийин Азиздин аброю аябай түшөт. Мына алты, жети айдан кийин чечендер Орусияга барып, ал жактагылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Азизди кайра ууру деп шайлашат. Ошондон кийин  Камчынын "Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаев бир тууган” деген каты тарайт.  Бирок, бары бир карама-каршылыктар бар да.  Азиз Нарындын түрмөсүнөн чыкса кыйынчылыктар болорун сезген.  Себеби бул убагында Рысбектин балдарын аябай кордогон, кулактарын кескен. Ошондо кыргыздарга жаман мамиле болгон. Ошонун кеги болушу мүмкүн болчу. Анткени азыр Камчынын Орто Азия чөлкөмүндөгү ууру деген  чоң статусу бар. 
 
- Камчы Көлбаевдин келиши Азиз Батукаевдин сыртка качуусуна себеп болду десек болобу?
 
- Муну айтыш кыйын. Анткени  экөө тең ууру болуп атпайбы. Булардын ортосунда өтө чоң териштирүүсү бар. Камчынын каты кирип атпайбы "Азиз ууру эмес” деген. Анткени ар бир ууру өз сөзүнө жооп бериши керек. Анткен менен биздин бийлик криминал менен тыгыз байланышта экени билинип калды. Мисалы, Эркин Мамбеталиев  мурун камакка алынган,  үч кишини өлтүргөнү үчүн түбөлүк кесилген. Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөнү чындык. Кийин эки-үч киши менен кайра бошонуп чыкканда  А, Атамбаев ага жылкы сойдуруп түлө өткөзгөн. Азыр эми жанына алып полковник чинин алып жүрөт. Атамбаев  аны өтө жакшы көрсө деле жанына албай эле койсо болот болчу. Анткени ал түрмөнү, кылмыш чөйрөсүн көрүп калган адам.
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter