22 апреля 2013, 09:04

ТИМдин кызматкерлери Айтматовдун кызматтык унаасын тээп жүрүшөт

"Тышкы иштер министри Кыргызстандын Бельгиядагы өкүлчүлүгүнөн алынып келинген кызматтык машинесин тээп жүрүшөт", -деп жазуучунун кызы, "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Ширин Айтматова өзүнүн Facebookтагы баракчасына жазды.

Анын берген маалыматы боюнча, "ТИМ Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинен Айтматовдун унаасын музейдик экспонат катары колдонуу үчүн сураткан. Унаа коллекциондук эмес – ал болгону эски. Кыргызстанга алынып келингенден кийин 500 долларга бааланган. Ошондон бери унааны ТИМдин кызматкерлери минип жүрүшөт", - деп депутат белгилеген.

Ошондой эле ал Айтматова жашаган үй ага таандык эмес экенин, жана ал үйдө турбаганын кошумчалады. "Айтматовдун жесири менен менин кичүү иним Эльдар эч кандай үй сатышкан эмес. Айтматовдун китептерин кайра басып чыгаруу укугу дагы менде эмес",- деп Ширин Айтматова коомчулукка жар салды.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter