22 апреля 2013, 11:47

Жеңиш күнүн майрамдоого карата пособие бериш үчүн 1 миллион доллар бөлүндү

 2013-жылы 9-майды майрамдоого карата акчалай жөлөк пул бериш үчүн Кыргызстандын республикалык бюджетинен 54,1 миллион сом же болбосо 1 миллиона 116 миң долларга жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу REGNUM маалымат агенттигин кабарчысына Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, республикада Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолу бериле турган жөлөк пул берилет.

Мындан тышкары, майыптар, согуштун катышуучулары, Ленинград камоосунда калгандар жана жашы жетпеген туткундар 3000 сом көлөмүндө өмүр бою бериле турган жөлөк пул алышат.

"Кыргызстандагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын саны 2013-жылдын 1-апрелине карата 8 568 адамды түздү, былтыр бул көрсөткүч 10 065 адам болчу",- деп кабарлайт Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter