22 апреля 2013, 11:54

"Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады

"Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады  Кыргызстандын өкмөтү менен Канаданын "Centerra Gold Inc" компаниясынын жетекчилигин ортосундагы "Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик КТРК телевидениесинен билдиргенин REGNUM маалымат агенттиги кабарлайт.

"Сүйлөшүүдөгү башкы жетишкендик "Кумтөрдөгү" өндүрүш токтоп калбашы керектигин сүйлөшүү процессине катышып жаткандардын түшүнгөнү болду",- деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, азыркы учурда эки тарап тең Кыргызстандын жана "Центерранын" активдерин эсептеп чыгыш үчүн көз карандысыз эксперттерди чакыртышкан. "Эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болот",- дейт ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter