22 апреля 2013, 14:02

Кыргызстандын «Азия Микс» командасы Юрмаладагы КВН фестивалына чакыруу алышты

Кыргызстандын «Азия Микс» командасы Юрмаладагы КВН фестивалына чакыруу алышты. Бул тууралуу бүгүн, 22- апрелде, маалымат жыйында «Азия Микс» командасынын капитаны Элдияр Кененсаров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Юрмаладагы КВН фестивалы 20-21-июлда өтөт. Оюнга жалпысынан 20 команда катышат. 

"Чейрек финал оюну алдында бизге Юрмала фестивалына катышууга чакыруу беришти. Тизмедеги 10 команданын эң башында биздин команда туруптур”, - дейт ал.

Ошондой эле «Азия Микс» лигасынын жетекчиси Камила Абдил Юрмала фестивалына катышуу үчүн кыргызстандык команда кылдат даярдык көрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, 15-апрелде КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалы болуп өттү, ага Кыргызстандын «Азия MIX» командасы да катышкан. Оюнда алардын атаандаштары «Пятигорск», «Союз», «Кембридж» жана «Журфак» командалары болуп, тилекке каршы, «Азия MIX» командасы жарым финалга чыкпай калды.

"Мен бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип кетем. Биз жарым финалга өтпөй калганыбызга эч убакта кайгырбайбыз. Баары алдыда, кийинки жылы мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алабыз деген үмүттөбүз”, - дейт Элдияр Кененсаров

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter