22 апреля 2013, 14:05

Жаш активист Жантөрө Сатыбалдиевди сотко берди

Бүгүн жаш активист Жеңиш Молдокматов КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди сотко бергенин «24.kg» агенттигине Кыргызстан жаштар кеңешинин маалымат кызматы билдирди.

Айтымдарында, премьер-министр 2013-жылдын 13-апрель күнү КР Конституциясынын 8-беренесин одоно бузуп, өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган. 6 райондук мамадминистрация башчыларын, акимдерди кызматтан бошотуу менен КР Конституциясына каршы буйруктарды кабыл алды.

Натыйжада айылдык кенештердин, ал эми акыркы жолкуда 1200дөн ашык жергиликтүү кеңеш депутаттарынын, 300 миңден ашык шайлоочулардын конституциялык укуктары бузулган.

Жеңиш Молдокматов КР Президенти Алмазбек Атамбаевге, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбековго, КР ЖКнын бардык фракция төрагаларына, КР ЖКнын адам укуктары, Конституциялык мыйзамдар жана Мамлекет түзүлүшү боюнча комитетинин бардык мүчөлөрүнө, КР ЖК бардык депутаттарына, КР башкы прокурору Аида Саляновага, КР Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашевага кайрылды.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter