22 апреля 2013, 15:34

Бийлик оппозициянын митингине каршы “кара кепкачандарды” даярдап жатыптыр

Бийлик 24-апрелде Бишкекте өтө турган оппозициянын митингинде провокация уюштуруу максатында атайын "кара кепкачандардын” тобун даярдап жатат. Бул тууралуу "Ата Журт” партиясынын төрага орун басары, "Эл үнү” коомдук-саясий кыймылынын штабынын мүчөсү Данияр Жаныкулов Кyrgyztodayге билдирди.

"2009-жылы түзүлгөн "Кумтөр” келишимин денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери болгон 10 миңден ашуун адам 24-апрелде Бишкекте чоң митингге чогулушат. Бул боюнча биз ИИМ менен макулдашканбыз. Митингдин катышуучуларынын бардык аракеттери үчүн ”Эл үнү” кыймылы жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Талап-тоноочулук сыяктуу мыйзамсыз иштерге жол берилбейт. Ал эми азыр бийлик башаламандык уюштуруу үчүн атайын "кара кепкачандарды” даярдап жатканы тууралуу маалыматыбыз бар. Эгер ошол "кара кепкачандар” тараптан элди козутуу аракеттери болсо, биз ал үчүн жооп бербейбиз”, - деди Д.Жаныкулов.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров баштаган "Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы "Кумтөр” келишимин жокко чыгаруу талабы менен 24-апрелде Бишкекте чоң митинг өткөрөт.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter