22 апреля 2013, 15:37

Бостондогу жардырууну уюштурган деп шектелген Жохар Царнаев эсине келип, сурак бере баштады

Бостондогу жардырууну уюштурган деп шектелген Жохар Царнаев эсине келип, сурак бере баштадыАКШнын Бостон шаарындагы жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев бүгүн, 22-апрелде эсине келип, сурала баштады. Бирок ал сүйлөй албагандыгына байланыштуу жазуу аркылуу көрсөтмө берүүдө. Айта кетсек, 15-апрелде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган деп шектелип, Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң милиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Учурда тергөөчүлөр Царнаевдер менен дагы кайсыл террор кыймылынын мүчөлөрү байланышта болгонун тактап жатат. Айта кетсек, Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргызстанда төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болду.  
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter