22 апреля 2013, 15:57

Таластын губернатору оппозициянын митингине каршы өз тарапташтарын алып чыкты

Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева бүгүн Таласта өткөн оппозициянын митингине каршы өз тарапташтарын алып чыкты. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Абдылдабек Көчөрбаев Кyrgyztodayге билдирди.

"Койсун Курманалиева "мени кызматтан алышат экен” деп түнү менен элди чогултуптур. Анан оппозициянын митинги башталганда ал дагы өз тарапташтары менен келди. Эл: "Сенин жумушуңдун бизге кереги жок, болгону "Жерүй” кенин иштетүүгө уруксат бербегиле, "Кумтөрдү” эл үчүн иштесин” деген талаптарын билдирди. Губернатор болсо, "Жерүй” мыйзамдын чегинде иштей тургандыгын айтты, бирок чогулгандар ага катуу каршылык билдиришти. Анан эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып кетпесин үчүн саат 13:30да митингдегилер тарап кетишти”, - деди Көчөрбаев.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter