23 апреля 2013, 08:07

Депутат Ширин Айтматова Саламаттыкты сактоо министрине сыркоолорду эритропоэтин дарысы менен камсыз кылуу тууралуу кат жолдоду



Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова 22-апрелде саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын дарегине сыркоолорду коопсуз, сапаттуу, натыйжалуу эритропоэтин дарысы (Эритропоэтин – анемиянын аргандай түрлөрүнөн алдыналчу жана дарылачу дары-дармек) менен камсыз кылууга чакырган кат жөнөттү. 

Катта мындай деп айтылат: «Эритропоэтин дарысы менен камсыз кылуу эч качан депутаттык жумушчу топтун ишине жана фармацевтик рынок субъектилеринин күндөлүк соттук доолоруна көзкаранды болбоого тийиш. Эритропоэтинди мамлекеттик сатып алуулар КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык гана жүргүзүлүүсү керек. Сатылып алынган эритропоэтиндердин техникалык өзгөчөлүгү анын коопсуздук, сапаттык, натыйжалуулук талаптарына жараша иштелип чыгууга тийиш». 

Ошондой эле, депутат ЖМК тарабынан тескери маалымат таркатылышы да мүмкүн экендигин эске салат: «Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖМКда жарыялана турган калк зарыл болгон жардамдан четте калды дегендей жосундагы терс маалыматтарды четке кагуусу керек. Фармацевтик рыноктун таза эмес субъектилеринин депутаттык жана башка текшерүү жүрүмдөрүнө басым жасоо максатында атайылап тараткан ушак-айыңдары тууралуу сыркоолорду кабардар кылып турууга тийиш. Чын-чынына келгенде, андай текшерүүлөр саламаттыкты сактоо тармагынын күндөлүк ишине жолтоо деле болбойт».

Депутат өз катында саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын бекитилген бюджеттин алкагында сыркоолорду өтө зарыл болгон дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн ыйгарым укугу жетиштүү экендигин айтат. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter