23 апреля 2013, 08:29

Түштүк жактагы кыргыздардын жашоосун жакшылап көргүсү келгендерге «Улуттар биримдиги» ижара акысын төлөп бергенге даяр

Түштүк жактагы кыргыздардын жашоосун жакшылап көргүсү келгендерге «Улуттар биримдиги» ижара акысын төлөп бергенге даяр«Алиби» №39 (391) басылмасынын бүгүнкү санында 20-апрелде Бишкекте өткөн «Улуттар биримдиги» партиясынын курултайы тууралуу кенен макала жарыяланды. Анда курултай ким кандай сөз алып, эмне дегени, курултай соңунда берилчү сый тамакта эмне болгондугу кенен баяндалды.

Сый тамак соңунда сөз алган «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери «белдин тиги тарабынан келгендерди «сарт эле сарт» дей берип жүрөгүнүн үшүн алып коюпсуңар. Биз атайы «ал жерде сарттар эмес кыргыздар жашайт» деп бул жакка тууган издеп келдик. Эгерде ал жактагы кыргыздардын жашоосун жакшылап көргүңөр келсе биздин партия деле квартплатасын төлөп берет, бир ай Сокко, бир ай Лейлекке, бир ай Ошко жашап келгилечи. Ошондо: «аа, бу туугандарыбыз бекеринен бул жакка келбейт турбайбы» дейсиңер. Ошондуктан бир журт, бир эл гана болбостон, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды чогуу кошолу» деп баарына ийгилик каалады», – деп жазат. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter