23 апреля 2013, 08:37

Ж.Сатыбалдиев россиялык коллегасы Д.Медведев менен жолугушат

Бүгүн Москвада Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушат.
Сүйлөшүүлөр «Горки» резиденциясында тар жана кенен чөйрөдө өткөрүлөт, анда кыргыз тараптан финансы министри Ольга Лаврова, тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов, Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев, экономика министринин орун басары Олег Панкратов жана башкалар катышмакчы.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтрге кол коюу күтүлүүдө.
Дүйшөмбүдө Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Москвада өтүп жаткан кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын XV жыйынына катышуу үчүн келген.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter