23 апреля 2013, 09:28

Россиянын инвесторлору Кыргызстандын «Пирамида» телеканалына ээлик кылат

Россиянын инвесторлору Кыргызстандын «Пирамида» телеканалына ээлик кылат. Бул тууралуу Кыргыстан-Россия кеңешинин төрагасы Иван Поляков Москвада өткөн кеңештин жыйынын ачып жатып билдирди.

«Россия-Кыргызстан кеңеши Россиянын ири инвестрорлоруна "Пирамида” каналынын пакеттик акциясын берүү маселесин колдоого алат. Каналга мамлекет көзөмөлүн жоготпойт», - деди И.Поляков.

Анын айтымында, Кыргызстан-Россия кеңеши Кыргызстанда Россиянын бизнесин өнүктүрүү үчүн медиа каршылыгы болбошу керек деп эсептейт.

«Эки өлкөнүн маалымдоо каражаттары тармагындагы мамилесин чыңдоо мындан аркы өнүгүүгө түрткү болот», - деп кошумчалады И.Поляков. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter