23 апреля 2013, 09:33

Кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги сот жыйыны башталды

Бүгүн, 23-апрелде кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум башталды. Айта кетсек, сот жыйыны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө. Учурда күбө катары Арзымат Бурканов аттуу жаран суралып жатат. "Медер Кожакметов экөөбүздүн ортобузда чечилбеген акча маселеси бар болчу. Мен Түркияда жүрсөм ал мени Ысык-Көлгө, Камчы Көлбаевдин үйүнө чакырды. Ошондо мен депутат жана досум Садыр Жапаров, Жаныш Кудайбергенов болуп Ысык-Көлгө, Көлбаевдин үйүнө келдик. Ал жерде Кожакметов экөөбүз жеке иштерибиз тууралуу сүйлөштүк. Көп өтпөй арабызда түшүнбөстүк жаралып, тартыша кеттик. Бирок эмне себептен Камчы Көлбаевдин үйүнө чакырганын билбейм. Көлбаевге каршы эч кандай дооматым жок",- деди Бурканов. 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter