23 апреля 2013, 09:50

Айыпталуучу Жохар Царнаев "Бостондогу жардырууну байкем уюштурган" деди

Бостондогу 4 адамдын өлүмүнө, 183 адамдын ар кандай жаракат алышына себепчи болгон жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев "жардыруунун негизги уюштуруучусу” деп, өзүнүн байкеси Темирлан Царнаевди атады.
19 жаштагы Жохар Царнаевдин айтымында, байкеси экөө Бостондогу жардырууну эч кандай террордук уюмдар менен байланышы жок эле, өздөрү уюштурушкан. Ооруканадан сурак берген Жохар 26 жаштагы байкеси Тамерлан жардырууну "Ислам динин коргоо үчүн” уюштурган деп белгилөөдө. Айта кетсек, Ж.Царнаев укук коргоо органдары тарабынан кармалып жаткан учурда моюнунан жана бутунан жаракат алган. Буга байланыштуу ал сүйлөй албай, учурда жазуу түрүндө көрсөтмө берүүдө. 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter