23 апреля 2013, 10:06

ТИМ Ооганстанда барымтага алынган кыргыз жаранын бошотуу боюнча чара көрүүдө

ТИМ Ооганстанда барымтага алынган кыргыз жаранын бошотуу боюнча чара көрүүдөБул тууралуу ТИМден билдиришти.

Малыматтарга караганда, 22-апрелде МИ-8 тик учагы авариялык мүнөздө Логар провинциясына конууга мажбур болуп, анда 10 чакты жүргүнчү талиптер тарабынан барымтага алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөр арасында Түркия, Орусия, Ооганстан жарандары болгон, ошондой эле учакта 1966-жылкы кыргыз жараны Нургазы Конушбеков болгону айтылууда.

Учурда ТИМ Ооганстандын расмий бийлиги менен жана Ооганстандагы Коопсуздукка көмөктөшүү боюнча эларалык күчтөрдүн колбашчылыгы, АКШ, РФ, Түркия элчиликтери менен өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

ТИМде ошондой эле саясый-дипломатиялык процедураларды камсыздоо үчүн атайы жумушчу топ түзүлдү.

ТИМ билдиргендей, талиптер азырынча кандайдыр бир талаптарды кое элек. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter