23 апреля 2013, 10:51

Июнь айында "Кыргызтелеком" ААКсы Кытай кредитин жаба албай калып жабылабы?

Буга чейин айтылып жүргөн "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун мүлкү Кытай өнүктүрүү банкынын менчигине өтө тургандыгы жөнүндөгү пикирлер барган сайын документалдык тастыктоолор менен коштолууда. Же болбосо, "Прецедент" партнердук тобу тарабынан өткөрүлгөн акционердик коомдун кредиттик милдеттенмелеринин анализинин жыйынтыгы менен "Кыргызтелеком" 2013-жылдын июнь айында чет элдик банктарга 250 миллион сомдон ашуун карызын төлөөгө тийиш. Жалпыга белгилүү болгондой, кредиттик төлөмдөрдү өз убагында жаба албай калуунун натыйжасында оңтойсуз абал түзүлүп, ири суммадагы туум төлөп калуу коркунучу түзүлөт. Орточо эсептегенде эле айып төлөөнүн суммасы айына 100 000 АКШ долларын түзөт! 

Эксперттердин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун банкротко учурай тургандыгы боюнча чочулоосу бекеринен эмес болуп чыкты. "Прецедент" партнердук тобунун директору Нурбек Токтакуновдун пикирине караганда, бүгүнкү күндө акционердик коомдун жүгүртүүдөгү каражаты 2,1 миллиард сомдун айланасын түзүп, ошонун ичинен "Кыргызтелекомдун" Кытай өнүктүрүү банкынын, Кореянын экспорттук-импорттук банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын алдындагы кредиттик милдеттенмелери 2013-жылдын 1-январына карата 1,7 миллиард сомду түзгөн. Ошентип, улуттук байланыш операторунун чет элдик финансы институттарынын алдындагы кредиттик карызы жалпы айландыруу каражатынын 80 пайызын түзүүдө. 

Нурбек Токтакунов "Кыргызтелеком" 2013-жылдын 1-апрелине карата Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (МАР-Бүткүл дүйнөлүк банктын тобуна кирген кредиттик организация) 38 миллион сом төлөөгө тийиш экендигин белгиледи. Тилекке каршы, учурда акционердик коом мынчалык каражатка ээ эмес. 2013-жылдын 20-июнунда кезектеги кредиттин төлөм мөөнөтү башталат. Кореянын экспорттук-импорттук банкынын 27 миллион сомдон ашуун сомун жабуу керек. Эң өкүнүчтүүсү, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун банкротко учурап калуу коркунучунун негизги фактору болуп, Кытай өнүктүрүү банкынан алынган карыздар болуп эсептелет. 
Эске сала кетсек, 2006-жылдан бери "Кыргызтелеком" тарабынан бирдиктүү кредиттик линия аркылуу жалпы суммасы 40 миллион 720 миң долларды түзгөн кредит 8 (!) жолу арты-артынан алынган. 2013-жылдын 9-июнунда акционердик коом 190 миллион сом төлөшү керек же болбосо 2 кредитти толук жаап, калган 6 кредит боюнча кезектеги төлөмдөрүн жабышы керек. Аскар Баратбаев башында турган "Кыргызтелекомдун" башкармалыгынын жөндөмсүз иш-аракетинин аркасында акционердик коомдон аталган суммадагы акча каражаты чыгаарына көз жетпейт. 

Нурбек Токтакунов белгилегендей, чет элдик банктардан алынган кредиттик милдеттенмелерди мындай коелу, компания өзүнүн өнөктөштөрү жана жеткизүүчүлөрүнүн карыздарын жапканга чамасы жетпей жатат. Буларга болгон карыздар бүгүнкү күндө 220 миллиондон ашуун сомду түзүүдө. Huawei, Ceragon Networks, Terratech, "Казахтелеком", "Аламүдүнэнерго", а түгүл MegaCom сыяктуу компанияларга бериле турган 150 миллион сомдон ашуун карызды төлөө мөөнөтү эчак өтүп кеткен. 

Ошондой эле "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Кытай өнүктүрүү банкынан алынган насыяларынын биринин кредиттик милдеттенмелерин аткаруунун гаранты болуп "Huawei" компаниясы өткөн. 2007-жылдагы ызы-чуу болбогондо бул факты деле көңүл бурууга арзымак эмес. Эске сала кетсек, ал учурда "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому CDMA-жабдуу сатып алууга тендер жарыялаган. "Huawei" компаниясынын сунушу "ZTE" деп аталган дагы бир кытайлык компаниянын сунушунда көрсөтүлгөн заявкадан 5 миллион долларга жогору экендигине карабай тендерди "Huawei" утуп алат! Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, түшүнүксүз жагдайлардын негизинде "жоопкерчилик жүктөлгөн тараптын так эместигинен улам" деген одоно укуктук шылтоо менен жабылып калган эле. 

"Прецеденттеги" серепчилер Кытай өнүктүрүү банкы "сөзгө келип", карызды жабууну мөөнөтүн жылдырууга макул болот деп эсептеп, ага жараша кадам жасоо мүмкүн эмес экендигин белгилешет. "Кыргызтелеком" менен Банктын өз ара тарыхында ушул сыяктуу эпизод болуп өтүп, анда акционердик коомдун президенти Аскар Баратбаев кредитти узартуу тууралуу кат менен кайрылган. Кытай тарап 2011-жылдын 30-ноябрында "Кыргызтелекомдун" өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүздүгү эки компаниянын өз ара мамилесин доо кетирип гана тим болбостон, банк жетекчилигин карызды өндүрүү үчүн кол жеткен укуктук чараларды колдонууга түртө тургандыгын белгилеп, баш тарткан. 

Бул абалда ачык акционердик коомдун президенти Аскар Баратбаевдин жүрүш-турушун жана иш-аракетин карап туруп, аргасыздан "акылынан айныганбы" деп ойлойсуң. Анткени, компаниянын финансылык өтө оор абалына көзү жетип туруп, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы дагы бир кредит алууга Кытай өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн меморандумга кол койгонго ниеттенип жатат. Бул жолу кредиттин суммасы 20 миллион сомду түзүп, ага Huawei компаниясы кепил болот экен. Көрүнүп тургандай, "Кыргызтелеком" "куйругун тазалап", мурунку кредитин кийинкиси менен жабууга аракеттенип жатат. Жадагалса алынган 20 миң сом цифралык телевидение долбоорун ишке ашырууга же компанияны өнүктүрүү багытына арналган кызыкчылык эмес. Аскар Баратбаевдин командасына жаңы кредиттерди алуу компанияны эптеп гана кармап туруу багытында керек болууда. 

Бул гана эмес, "Кыргызтелекомдун" жетекчилиги чет элдик кредиттерди жабыш үчүн жашыруун түрдө жергиликтүү банктардан кредит алган фактылары да көзгө учурайт. 27-ноябрда "Казкоммерцбанк Кыргызстан" аталган байланыш операторуна 50 миллион сом өлчөмүндөгү кредит берген. Ошондой эле 2013-жылдын май айынын акырында "Кыргызтелеком" ААКсы "Казкоммерцбанк Кыргызстанга" бир жылдык мөөнөт менен 50 миллион сом кредит сурап кайрыла тургандыгы белгилүү болду. Бул 2013-жылдын июнь айында "Кыргызтелекомдун" 250 миллион сом чет элдик кредит төлөй тургандыгы менен байланыштуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү. 
Жакын арада, тактап айтканда 2013-жылдын апрель айында боло турган жыйналышта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун атынан "Кыргызтелекомдун" акционерлери, Соцфонддун жана жеке тараптар тарабынан жогорудагы фактыларга көңүл бурулуш керек жана тиешелүү документтер укук коргоо органдарына берилиши керек.

Бир караганда эле акционерлердин жыйналышында "Кыргызтелекомдун" жетекчилерин кызматынан алуу боюнча чечим чыкса, алардын бардыгы кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланып, мамлекеттик каражатты ыксыз сарптап, чыгымга учураткандыктары үчүн сот алдында жооп берүүгө тийиш болот. Демек, азыркы жетекчилик алынган кредиттерден кымырып, "чамадандарын чогултуп", "куйрук түйүп" кетүүгө даярданышы мүмкүн деген пикирди да четке кагууга болбойт. 

Жыйынтыктап айтканда, Мамлекеттин "Кыргызтелеком" ААКнын жетекчилигинин кылмыштуу аракетин оңдоого учурда убактысы бар десек болот. Убакытты кечеңдетүү улуттук байланыш операторун болуп көрбөгөндөй банкроттукка учуратып, бүткүл республика үчүн маанилүү стратегиялык объектини жоготуп алууга алып келет.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter