23 апреля 2013, 11:09

Майрамбек Жумабаев «Нариман Түлеевдин денсоолугу өтө начарлап кетти» дейт

Бул туурасында бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Теңир Тоо ынтымагы» коомдук фондунун мүчөсү Майрамбек Жумабаев билдирди.

Айтымында, Тулеевдин сотун атайы узартып атышат.

«Үч айга созулган сот дайыма 10 же 15 мүнөт эле болот. Соттук тергөө иши боюнча Сарпашев деген адам өтөт экен, бирок ал үч айдан бери бир да жолу келген жок. Бир күбөнү алып келалбаган бул эмне деген сот? Башкы прокурор Аида Салянова Түлеев чындап эле ооруйбу деп анализ алабыз деген, бирок ушу күнгө чейин анализи алына элек», - дейт ал.

Эскертсек, экс-мэр Нариман Түлеев 2012-жылдын август айынан бери коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен камакта отурат.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter